Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Новости


2023-ж. 24-январда И.Раззаков атн. КМТУнун ректору Чыныбаев М.К. “Huawei ICT Academy and Seeds of Future – 2022” программасы боюнча окууну аяктаган ЭМС кафедрасынын студенттерине салтанаттуу түрдө сертификаттарды тапшырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Чыныбаев М.К. учурда Huawei Кыргызстанда маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө номер биринчи камсыздап-жеткирүүчү экенин жана бул программа студенттердин билимин жана көндүмдөрүн жогорулатууга, эл аралык тажрыйбага ээ болууга мүмкүндүк берет жана албетте, бул Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого жардам берерин, анын ичинде билим берүү тармагында дагы деп белгиледи.

Окутуу И.Раззаков атн.КМТУ менен HUAWEI ортосунда кол коюлган келишимдин негизинде ЭМС кафедрасынын  башчысы М.Т.Жапаровдун демилгеси менен өттү. 

2022-ж. 11-октябрынан 18-октябрына чейин Экономикадагы маалыматтык системалар кафедрасынын студенттери Huawei компаниясында (Москва) «Huawei ICT Academy and Seeds of Future» программасынын алкагында On-Line окуудан өтүштү.

Сегиз күн бою студенттер Шэньчжэндеги штаб-квартиранын түз эфиринде лекцияларды, виртуалдык турларды жана көргөзмө залдарына барышты; 5G арналган булуттагы эсептөө жана жасалма интеллект, ошондой эле Tech4Good тобу долбооруна арналган iLearningX платформасындагы курстарды өтүштү.