Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Новости


2023-ж.26-январында И.Раззаков атн. КМТУнун ректору Чыныбаев М.К. менен Кореянын өнөр-жай технологиялар институтунун (KITECH) техникалык бөлүмүнүн жетекчилиги менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушууда концептуалдык технологиялар чөйрөсүндө илимий-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери, ошондой эле инновациялык чөйрөдө өнөктөштүк мамилелерди орнотууга көмөктөшүүчү факторлор талкууланды.

Корея Республикасынан келген делегация келечектүү биргелешкен инновациялык долбоорлорго өзүнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңири тааныштырды. Өз кезегинде университеттин ректору кореялык өнөктөштөр менен узак мөөнөттүү кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп, жогорку билим берүүнүн бардык багыттары боюнча кыргыз-корей кызматташтыгынын олуттуу потенциалын белгиледи.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, ректор делегацияны 27-январда университетте өтө турган студенттерибиздин инновациялык иштеп чыгууларынын көргөзмөсүн көрүүгө чакырды.

Сапардын жыйынтыгында тараптар концептуалдык технологиялар боюнча дагы бир биргелешкен долбоорду ишке ашыруу боюнча макулдашууга келишти.

Ошондой эле бул жолугушуунун алкагында 27-январда инновациялык жана технологиялык идеяларга, ошондой эле жаратылыш чөйрөсү жана экология көйгөйлөрүнө арналган студенттердин көргөзмөсү өттү.

КМТУнун студенттери тарабынан даярдалган көргөзмөгө ректор М.К.Чыныбаев, Кореянын өнөр-жай технологиялар институтунун (KITECH) өкүлдөрү, окутуучулар жана кызматкерлер келишти. 1-2-курстун студенттери өздөрүнүн инновациялык-технологиялык долбоорлорун (start-ups). көрсөтүштү. Көргөзмөдө студенттер «Жүрөк-кан тамыр системасынын макети», «Эко-плиткалар», «Эт ящик», «Күн шамалын орнотуу», «Күн тартылуу күчүн күчөткүч», «Al-parking system», «Security city», «Genetic Algorithms», «Medium» ж.б. көрсөтүштү.

Кореянын өнөр-жай технологиялар институтунун (KITECH) өкүлдөрү кызыгып, көргөзмөгө чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, иштин өзгөчөлүгүн, болочок бүтүрүүчүлөр эмгек рыногунда талап кылынган адистер экенин белгилешти.