Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Новости


2023-ж. 28-январында И.Раззаков атн. КМТУнун Республикалык компетенция борборунда (РКБ) коомдук тамактануу тармагынын кызматкерлери үчүн «Нан, кондитердик жана макарон азыктарынын технологиясы» программасы боюнча 1-кыска мөөнөттүү курсу аяктады.

Угармандар КР Билим берүү жана илим министри У.Э.Мамбетакуновдун колунан кесипкөйлүгүн жогорулатуу сертификатын алышты. Министр өз куттуктоо сөзүндө бүгүнкү күндө биргелешкен иш-чараларда кесиптештери жана мектеп окуучуларынын ата-энелери менен тренингдердин жүрүшүндө алган билимдерин бөлүшүү өтө маанилүү экендигин белгиледи.

Курстун  тематикасы мектеп окуучуларын сапаттуу тамак-ашы менен камсыз кылуу - окуучулардын ден соолугу менен байланышкан жана натыйжада алардын окуудагы жетишкендиктеринин милдеттүү шарты болуп саналат. Көрүнүктүү мисал иретинде министр мектептеги тамак-ашты жакшыртуу боюнча өлкөдө жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын түрлөрүн мисал келтирди.

Өз кезегинде студенттер КР Билим берүү жана илим министрлигине, университеттин жетекчилигине жана РКБнын донорлоруна – БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасына, SIFI Өнөр-жай тамактануу институтуна ушундай курстардан өтүү үчүн берген мүмкүнчүлүктөрү үчүн ыраазычылык билдиришти. Ошентип, №64 орто мектептин ашпозчусу Ломаева А.: «Мындай тренингдерди уюштуруу актуалдуу жана өз убагында болуп, биз көптөгөн жаңы маалыматтарды алдык, көп нерсени үйрөндүк. Биздин тренерлер курсту мүмкүн болушунча кызыктуу өткөрүү үчүн көп күч жумшашты» деп белгиледи.

Белгилей кетсек, трениндин лекторлору жана тренерлери Технология институтунун тамак-аш технологиясы кафедрасынын жетектөөчү адистери: Абакирова Э.М., Азисова М.А., Байгазиева А.С., Муратбек кызы М. жемиштүү иш алып барышты. Тренинг өзү кыска, бирок угуучуларды чогулткан, кошумча билим берүүнүн концептуалдык программалык документтерине, кесиптик стандарттардын талаптарына жана жеке иш тажрыйбасына негизделген эң маанилүү маалыматтарды камтыды. Ал эми ундан жасалган кондитердик жана кулинардык азык-түлүктөрдү даярдоодо алардын тамак-аш искусствосунун продукцияларын даамдап көрүү жана сырттан баалоо менен бирге көрүүчүлөр  продукцияларды өз ара кароого катышты.

Угуучуларды РКБнын биринчи курстарын ийгиликтүү аяктагандыктары менен куттуктайбыз!