2023-ж. 31-январында И.Раззаков атн. КМТУда Камкордук кеңешинин жаңыланган курамынын кезектеги жыйынын өткөрүлдү. КР Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашуудан кийин университеттин көзөмөл органынын курамына:
1. Бапанова Жаркын Базановна - "Алтын түйүн" улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын директору;
2. Жумабаев Рыскулбек Азимбекович - «Кыргыз темир жолу УК» МИнин капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары;
3. Жаманбаев Мураталы Жузумалиевич – И.Раззаков атн.КМТУнун «Колдонмо математика жана информатика» кафедрасынын башчысы.;
4. Исанова Мария Насирдиновна - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин бөлүм башчысы;
5. Исагалиев Мирлан Исагалиев - Жол куруучу компаниялар ассоциациясынын президенти;
6. Молдоканова Асылкүл Имашовна – КМТУнун жеңил өнөр-жай продукциясынын технологиясы кафедрасынын улук окутуучусу;
7. Назаралиев Болотбек Апышович - «Глобал Азия Менеджмент» ЖЧКсынын геология жана минералдык ресурстар боюнча директору;
8. Бримкулов Улан Нургазиевич - Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин кафедра башчысы;
9. Дыйканов Каныбек Бахапович - «Алтын кен» ЖЧКсынын башкы директору;
10. Пусур Тегин Замир - Эл аралык каржы корпорациясынын консультанты;
11. Сарымсаков Руслан Адыканович - Кыргыз Республикасынын Интеллигенция ассоциациясынын кеңешинин төрагасы;
12. Халилов Адил Ниязович - «Хан-Теңири» акционердик коомунун президенти;
13. Турдумамбетова Эрке Дөөлөтбековна - Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин окуу борборунун директору.
Камкордук кеңешинин жаңы мүчөлөрүнө ректор М.К.Чыныбаев куттуктоо сөзү менен кайрылып, андан соң КМТУнун өнүктүрүү стратегиясы менен тааныштырды. Жаңы мүчөлөр КМТУнун 2023-2030-жылдарга жана университетти өнүктүрүү пландарын талкуулашты.
ПКУнун жетекчиси Н.М.Курманова КМТУнун жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн 2023-жылга карата сметасын макулдашты. Ошондой эле кеңештин иш планы бекитилип, документтер каралды.
Андан соң Республикалык компетенция борборунун (РЦБ) материалдык-техникалык базасы менен таанышышты.