Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Новости


2023-ж. 3-февралында КМТУнун ректору М.К.Чыныбаев “Полиграфия” кафедрасынын өкүлдөрү менен УТРКда болуп, башкы директордун техникалык маселелер боюнча орун басары Б.К.Тиллебаев менен жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушууда тараптар пикир алмашышты жана мындан аркы кызматташуу боюнча  «Полиграфия», «Телекоммуникация» жана «МЭT» кафедраларына тийиштүү МКТ, Телекоммуникация жана Медиатехнология багыттары боюнча кадрларды биргелешип даярдоо маселелери талкууланды. Мындан тышкары, УТРКда студенттердин практикасын уюштуруу жана андан аркы ишке орношуу маселеси пландалууда.

Жакынкы арада КМТУ менен УТРКнын ортосунда эки тараптуу кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлушу күтүлүүдө. Жолугушуунун соңунда таанышуу экскурсиясы уюштурулуп, анын жүрүшүндө делегациянын мүчөлөрү корпорациянын студияларында, аппараттык бөлмөлөрүндө жана корпорциянын цехтеринде болушту.