Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Новости


2023-ж. 25-январында И.Раззаков атн. КМТУга «BORUSAN СAT» компаниясынын өкүлдөрү А.Дубикова жана А.Сейткулов келишти. Конокторду ректор М.Чыныбаев кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар транспорттук жана технологиялык машиналар жана комплекстер тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, ишти күчөтүү ниеттерин белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында «BORUSAN СAT» компаниясында стажировка, практика өтүү жана ишке орношуу боюнча да келишим түзүлдү.

Андан ары коноктор окуу жана илимий борборлорду жана лабораторияларды кыдырып, КМТУнун материалдык-техникалык базасы менен таанышты.

Белгилей кетсек, бул сапар профессор И.Сүйүнтбековдун демилгеси менен уюштурулган.