Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Новости


2023-ж. 19-январда жаңы ЖОЖдор аралык медициналык инженерия факультетин түзүү боюнча жумушчу топтун биринчи отуруму болуп өттү.

Бул факультет И.Раззаков атн. КМТУ менен биргеликте иштелип жатат. Багыттын программасы медициналык жана инженердик предметтерди айкалыштырууга тийиш.

Белгилей кетсек, бул тармактын инженерлери дартты алдына-алуу, диагностикалоо жана реабилитациялоо үчүн заманбап медициналык технологияларды иштеп чыгышат жана колдошот.

Адамдын денесин изилдөөнүн ар кандай жолдору бар - классикалык рентген же УЗИ, КТ же MРТ жардамы менен сиз 3D сүрөттөрдү да түзүү мүмкүнчүлүгү болот. Анткени бул чаралар маанилүү, алар алгачкы этапта ар кандай ооруларды жана залакаларды  аныктоого жардам берет.

Хирургиянын эң акыркы жетишкендиктери жана технологиялары кийлигишүүдөн кийин организмдин минималдуу татаалдашы жана тез калыбына келиши менен мүнөздөлгөн эң татаал операцияларды жүргүзүүгө жардам берет.