Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Новости


2023-ж.16-январынан 20-январына чейинки аралыкта КР Билим берүү жана илим министрлигинин демилгеси жана National Erasmus+ Office in Kyrgyzstan – КР Улуттук Эразмус+ Кеңсесинин колдоосу менен И.Раззаков атн. КМТУнун Кыргыз-корей маалымат борборунун базасында “Scopus 2023 маалымат базасында индекстелген журналга макаланы кантип жазуу жана жарыялоо керек” аттуу кышкы мектеп өткөрүлүп, ага докторанттар, жаш изилдөөчүлөр жана өзгөчө макамга ээ болгон ЖОЖдордун окутуучулары катышты.

Сабактарды илимий изилдөөлөргө катышууда жана алардын жыйынтыктарын популярдуу эл аралык журналдарда жарыялоодо чоң тажрыйбасы бар гест-спикерлер өткөрүштү. Негизги машыктыруучу -фасилитатордун милдетин Миннесота университетинин (АКШ) PhD-доктору жана ошол эле учурда Эл аралык Ала-Тоо университетинин доценти У.Тыналиев аткарды.

Программа илимий макала жазуу практикасын өздөштүрүүгө жана аны индекстелген журналга андан кийин жарыялоого багытталган. Катышуучуларга изилдөө методологиясынын негизги түшүнүктөрү, аны белгилүү бир багытта уюштуруу, ошондой эле макаланын мүмкүн болгон түзүмүн изилдөөнүн дизайны (эксперименталдык же эксперименталдык эмес), долбоордун планын тандоо методологиясы, маалыматтарды чогултуу жана талдоо сунушталды.

Катышуучулар изилдөө процессин жана анын аткарылышын сандык, сапаттык жана аралаш ыкмаларды колдонуу менен түшүнүү үчүн зарыл болгон негизги билимдерди жана көндүмдөрдү алышты жана кол жазманы басмага даярдоонун жол-жобосу менен таанышышты.

Тренингдин жүрүшүндө алар Stata жана SPSS софт-про программаларын колдонуу менен маалыматтарды талдоо практикасын жасап, жетишкендиктерин көрсөтүштү.

Белгилей кетсек, кышкы мектептин иши 3 этап менен уюштурулат:

1-этап - изилдөөнүн сандык жана сапаттык методдору боюнча семинар/тренинг, анын күтүлгөн натыйжасы адистик профили боюнча «research proposal» жазуу жана аны насаатчыларга/лидерлерге жөнөтүү болушу керек (аяктоо мөөнөтү: 2023-жылдын февралынын аягы).

2-этап - «research proposal» презентациялоо (онлайн байланыш форматына жол берилет), тиешелүү сунуштарды жана пикирлерди талкуулоо жана иштеп чыгуу (мөөнөтү: 2023-жылдын март-июнь айлары).

 3-этап - насаатчылар менен онлайн же офлайн форматта талкуу жүргүзүү мүмкүнчүлүгү менен ар бир катышуучу тарабынан илимий макала жазуу (мөөнөтү: 2023-жылдын июль-ноябрь).