Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Новости


2022-ж., 9-декабрда И.Раззаков атн. Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде EduTech 2022 заманбап билим берүү технологиялары боюнча улуттук семинар өттү.

Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов, ректор Мирлан Чыныбаев жана Кыргыз Республикасындагы Улуттук Erasmus Plus кеңсесинин жетекчиси Гүлнара Исаева ачышты.

Семинардын максаты - заманбап билим берүү технологияларын ишке киргизүүдө окутуучулардын кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларын санариптештирүү боюнча тажрыйба алмашуу.

Семинардын маселелери:

- ЖОЖдун алдыңкы окутуучуларынын практикасында колдонулган заманбап билим берүү технологияларын көрсөтүү;

- университеттердин ишинде инновациялык санариптик билим берүү чөйрөсүн жана санариптик каражаттарды түзүү тажрыйбасын жалпылоо;

Иш-чаранын модератору Кыргыз Республикасынын Жогорку билим берүүнү реформалоо боюнча Улуттук эксперттик тобунун мүчөлөрү болушту.

Иш-чаранын спикерлери сынактын жыйынтыгы боюнча тандалып алынган, ошондой эле Казакстан, Украина, АКШ, Словения, Германия, Индия, Латвия жана Польшадан эл аралык эксперттер чакырылган.

Семинарга 100гө жакын адам катталган. Иш-чара гибриддик форматта: онлайн жана офлайн өттү. Семинардын программасында чакырылган чет элдик эксперттердин катышуусу менен пленардык жыйын жана сессияларда иштөө, жыйынтыктоочу талкуу каралган. Семинар видеоконференция форматында өтүп, Erasmus+ программасынын Кыргызстандагы Улуттук кеңсесинин Facebook баракчасында www.facebook.com/erasmuspluskg түз эфирде көрсөтүлдү.

Семинардын уюштуруучулары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасындагы Эразмус+ Улуттук кеңсеси, Жогорку билим берүүнү реформалоо боюнча Улуттук эксперттер тобу, И.Раззаков атн. Кыргыз мамлекеттик техникалык университети.