Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Новости


2022-ж., 9-декабрда И.Раззаков атн. КМТУнун Чоң жыйындар залында Электроника жана телекоммуникациялар институтунун (ЭТИ) 1-курстун студенттери үчүн маанилүү окуя –студенттерге арноо иш-чарасы болуп өттү.

Куттуктоо сөзү менен КМТУнун ректору Раззаков Чыныбаев Мирлан Койчубекович  ЭТИ 1-курстун студенттерин куттуктап, окууларына чоң ийгиликтерди, университеттин коомдук иштерине активдүү катышууну каалады.

ЭТИнин директору Каримов Б.Т. өз сөзүндө 1-курстун студенттерин майрамы менен куттуктап, студенттерди окууда жоопкерчиликтүү, максаттуу, тартиптүү болууга чакырып, 1-курстун студенттерине студенттик билеттерди жана сынактык китепчелерди тапшырды.

Куттуктоо сөздөрүнөн кийин ЭТИнин биринчи жана жогорку курстарынын студенттери тарабынан даярдалган майрамдык концерт тартууланды. Студенттер ыр-бийлерди аткарышып, концерттин алып баруучулары ар кандай кызыктуу сынактарды, викториналарды өткөрүп, жеңүүчүлөргө белектер тапшырылды. Студенттерге арноону өткөрүү КМТУда Электроника жана телекоммуникациялар институту негизделгенден бери жыл сайын жакшы салтка айланып, өткөрлүп келет.