Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Новости


2022-ж., 13-декабрда И.Раззаков атн. КМТУга АКШндан Соода министрлигинин Коммерциялык «Коммерциялык укукту өнүктүрүү программасынын» (CLDP) расмий делегациясы, башкы консультанттын орун басары Джо Янг мырза, коштоочу Юлия Мелара, ошондой эле  АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин Билим берүү программалары боюнча кеңешчиси Миранда Лупион келишти.

Бул сапардын максаты - илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштерди уюштурууга жана алардын натыйжаларын коммерциялаштырууга мүмкүндүк берүүчү инновациялык жана ишкердик экосистемаларды түзүү тармагында университет менен кызматташуунун келечегин талкуулоо, ошону менен бирге жаңы продукцияларды, кызматтарды, компанияларды жана жумуш орундарын түзүү болду.

Жолугушуунун соңунда конокторго таанышуу үчүн студенттердин илимий иштеп чыгууларынын көргөзмөсү сунушталды, анда авторлор өздөрүнүн дизайн идеяларын, продукцияларын жана стартаптарын көрсөтүштү.

Андан кийин экскурсия уюштурулуп, анын жүрүшүндө делегациянын мүчөлөрү университеттин алдыңкы илимий лабораториялары  жана борборлору менен жакындан таанышышты.