Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Новости


5 командага бөлүнгөн 12 институт катышты.

И.Раззаков атындагы КМТУнун ректору М.К. Чыныбаев  өз куттуктоо сөзүндө студенттерди жаңы ачылган мүмкүнчүлүктөрдү кеңири колдонуу менен окууда мыкты ийгиликтерди жаратып, бардык окуудан тышкаркы иштерде:ар түрдүү ийримдерде, спорттук мелдештерде, коомдук-саясий жана кайрымдуулук акцияларында жигердүү катышууну каалады.

Андан соң 1-курстун студенттери салттуу ант беришти.

Бул жылы сынактын темасы тасмалар болду, анда стартаптардын темаларын чагылдыруу шарты коюлган.

Түстүү, жандуу шоу төмөнкү демөөрчүлөр тарабынан колдоого алынды:

«АЛАЙКУ Органикс» ЖЧК;

«Forester» дистрибьютордук компаниясы;

Ulush Travel туристтик компаниясы.

Атайын коноктор да катышышты, алар:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 7-чакырылышынын депутаты, “Ынтымак” партиясынын лидери Марлен Маматалиев;

«Forester» дистрибьютордук компаниясынын медиа эксперти Абыкеева Асел.

Калыстар тобунун түзүмүндө:

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген бийчиси Максат Токтоналиев;

Кыргыз театр жана кино актрисасы Имашева Альбина;

«Ай-Тем»  логистикалык компаниясынын негиздөөчүсү Жибек Аскаровна Кушматова;

Жаштарды өнүктүрүү институтунун коммуникациялар боюнча координатору Ибраева Айгүл;

М.Рыскулбеков атн. КЭУнун тарбия иштери боюнча проректору Нурматова Айгүл Абдиллаевна.

“Студенттерге арноо” У. Асаналиев  атындагы Кыргыз тоо-металлургиялык институтунун  жана Н.Исанов атн.КМКТАУнун кошулуусунун аркасында таптакыр жаңы багытта жана катышуучуларды кеңири камтуу менен өттү.

Шоу-программаны УСТА бий тобу заманбап кыргыз бийи менен ачып беришти.

Студенттер тарбия иштери боюнча директорлордун орун басарлары жана координаторлор менен бирге бир нече ай бою тырышчаактык менен даярданышып, залда отургандардын баарынын жүрөгүнөн түнөк тапкан укмуштуудай, сыйкырдуу спектаклдерди көрсөтүштү. Мелдештин жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр аныкталды:

1-орунга Транспорт жана робототехника институтунун, Экономика жана бизнес жогорку мектебинин студенттери, ошондой эле Кыргыз-Герман техникалык институтунун студенттери кирген «Трансформерлер» стилинде сахналаштырылган «Политех» командасы ээ болду;

2-орунга Технологиялык институттун, Тоо-металлургиялык институттун жана Электроника жана телекоммуникация институтунун студенттери кирген «Аладдин» менен «Мираж» командасы ээ болду;

3-орунду «Джуманджи». көрсөткөн «ЭИИАД», командасы ээледи. Аты өзү эле айтып турат, катышуучулар Энергетика институтунун жана Архитектура жана дизайн институтунун студенттери болушту.

"Бирөө үй-бүлө дедиби?" жана «КИМ Team» ыраазычылык каттары менен сыйланышты.

Байге катары бардык командаларга караоке-колонкалары, ошондой эле демөөрчүлөрүбүз тарабынан белектер берилди.