Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Новости


И.Раззаков атн. КМТУнун командасын 1977-жылдан бери Эл аралык уюм ICPC Foundation (http://icpc.baylor.edu) тарабынан уюштурулуп келе жаткан программалоо боюнча студенттердин дүйнөлүк чемпионатында (International Collegiate Programming Contest – ICPC) күмүш медалдарды жеңип алгандыгы менен куттуктайбыз.

Бул дүйнөлүк масштабдагы  аталган тармактагы эң популярдуу жана абройлуу мелдеш. КМШ өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан 1996-жылдан бери Түндүк Евразиянын (NEERC) түзүмүнө кирет, ал эми бул иш-чаранын демөөрчүсү болуп  эң таланттуу студент программисттерди аныктоо, алардын мыктыларын сыйлыктар жана стипендиялар менен колдоо, ошондой эле маалыматтык технологиялар тармагында келечектүү ишке чакыруу максатын көздөгөн “Jet Brains” фирмасы эсептелет.

Чемпионат студенттер арасында чыгармачылык мамилени өнүктүрүүгө, командада иштөө көндүмдөрүн калыптандырууга жана жаңы компьютердик программаларды түзүүдө билимди активдүү колдонууга өбөлгө түзөт. Мындан тышкары, чемпионат аларга катаал атаандаштык чөйрөсүндө иштөөгө жөндөмдүүлүгүн көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.

Белгилей кетсек, катышкан 45 команданын ичинен биздин студенттер 5-орунга ээ болушкан, бул болсо күмүш медалга (тизмеде экинчи болгон команда биздикиндей эле маселелерди чечип, бирок бир аз тезирээк) ээ болууну шарттады. Бирок эң негизгиси: КМТУ кийинки турга – биздин аймактын суперфиналына (Түндүк-Чыгыш Европа) – дүйнөлүк деңгээлдеги жарым финалга өттү!