Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Новости


2022-ж., 25-октябрында И.Раззаков атн. КМТУда «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө кадрларды даярдоо максатында билим берүү мекемелеринин потенциалын жогорулатуу» деген темада «тегерек стол» өткөрүлдү.

Бул иш-чараны Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине караштуу Каржылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын (КЧК) Окуу-методикалык борбору (МТБ) университетибиздин Экономикалык коопсуздук жана маркетинг кафедрасы менен биргеликте уюштурган.

Катышуучуларга куттуктоо сөзү менен ректор М.К.Чыныбаев жана КЧМК ОУБ директору Л.О. Өмүрбекова кайрылышты.

Андан соң КЧМКнын стратегиялык талдоо жана тобокелдиктерди баалоо бөлүмүнүн башчысы Т.Ж.Саякбаев баяндама жасады.  Көлбаева С.Х.- КЧМК ОУБ методисти, Өмүрбекова М.О. - КМТУнун «Экономикалык коопсуздук жана маркетинг» кафедрасынын башчысы, Салиев А.Б. - КМТУнун «ПОКС» кафедрасынын башчысы, Сыдыгалиева А.С. - Б.Ельцин атындагы КРСУнун «Административдик жана каржылык укук» кафедрасынын башчысы, Шемякина М.- МУФЦМ (Москва) илимий жана окуу долбоорлорун координациялоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары, Пономаренко В.Е.- ВАВТ и ВШЭ (Москва), профессору (Москва), Морозов Н.В.- ИФТЭБ НИЯУ «МИФИ»Улуттук изилдөө ядролук университетинин «Финансылык мониторинг» кафедрасынын доценти чыгып сүйлөштү.

Баяндама жасагандар «тегерек столдун» расмий сертификаттарын алышты, катышуучулардын арасында М.Рыскулбеков атн. КЭУнун, Ж.Баласагын атн. КУУ, ЭУКА Гуманитардык-техникалык колледжинин жана Кыргыз Республикасынын башка окуу жайларынын өкүлдөрү да катышышты. им. Ошондой эле «Тегерек столдун» ишине университетибиздин «Экономикалык коопсуздук», «Маркетинг» жана «Маалымат коопсуздугу» багыттары боюнча билим алып жаткан студенттери жигердүү катышышты.