Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Новости


2022-ж.,15-ноябрда  И.Раззаков атн. КМТУда «Электромеханика» жаңы илимий лабораториясынын ачылышы болуп өттү.

Техника илимдеринин доктору, профессор Алымкулов Карыпбек Алымкуловичтин жетекчилиги астында «Электротехника» ИТБда иштелип чыккан жалпы өнөр-жайлык, тиричилик жана атайын багыттагы төрт сериядагы аз кубаттуу электр кыймылдаткычтарынын 50дөн ашуун үлгүлөрү, ошондой эле 2000ге жакын китептер. анын энергетика тармагындагы жеке китепканасы лабораторияны түзүүгө негиз болгон. Ачылышка Кыргызстандын энергетика тармагынын жана өнөр-жайынын белгилүү кызматкерлери, Москва шаарындагы Москва энергетика институтунун өкүлдөрү жана башка ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилери катышышты.

Бул лаборатория биздин өлкөбүз үчүн, өзгөчө азыркы мезгилде өтө маанилүү болгон чакан жана орточо кубаттуулуктагы электр өткөргүчтөрүн үйрөнүүгө арналган.

Учурда университетибизге өзгөчө макам ыйгарылгандыгына байланыштуу университеттин жетекчилиги өндүрүш процессине түздөн-түз байланышкан илимий жана прикладдык изилдөөлөрдү артыкчылыктуу багыт катары эсептейт.

Жаңы лабораториянын ачылышы - бул багыттагы кадамдардын бири.