Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Новости


2022-ж.,19-ноябрда АДИ директору Кожобаева С.Т., «БКД» кафедрасынын башчысы Джолдошева А.Б., «Костюм жана текстиль искусствосу» окуу программасынын жетекчиси Оморкулова Д.К., доцент Осмоналиева Р.О., ошондой эле студенттер -Мирланбекова Э. жана Ибраева А. (гр. ХПК 1/2-19) КР Министрлер Кабинетине караштуу (Кыргызпатент) Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги жана «Мода индустриясы» компаниясы менен биргеликте уюштурулган «Мода индустриясы: кечээ, бүгүн, эртең» деген темадагы тегерек столго катышышты.

Иш-чаранын коноктору Италия, Россия жана Кыргызстандын эл аралык долбоорлорунун жана компаниялардын өкүлдөрү болду. Тегерек столдун жыйынтыгында студенттер үчүн актуалдуу темаларда конок лекцияларды уюштуруу жана автордук укук боюнча өз ара кызматташуу боюнча макулдашууларга жетишилди.

22-ноябрда биздин катышуучулардын чакыруусу менен “Promenad De La Moda” Эл аралык мода жумалыгынын жана “International Moda Design” ассоциациясынын негиздөөчүсү, “фешн-консалтинг»” тармагындагы эксперт Лилия Тичек айым (Италия) И.Раззаков атн. КМТУнун № 2-кампусунун Чоң жыйындар залында «Дизайнерлер чет өлкөдө мода индустриясында бизнесин кандай курушу керек» деген темада лекция өткөрдү.

Андан соң «БКД» кафедрасынын кызматкерлери студенттердин кийим моделдеринин коллекцияларын көрсөтүшүп, өз кафедрасынын ишмердүүлүгүн чагылдырган кызыктуу презентациясын тартуулашты.

Л.Тичек айым студент Зилолиддин К.А. (ХПК 2-18 т.с.) кийимдер коллекциясын жогору баалап, аны келерки жылдын жазында Миланда өтө турган Мода жумалыгына катышууга көмөк көрсөтүүгө убада берди.

Жолугушуунун соңунда АДИ директору Кожобаева С.Т. мейманга ыраазычылык кат жана эстелик белектерди тапшырды.