Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Новости


В БАЗе КГТУ им. И. Раззакова прошло торжественное мероприятие ко Дню науки. С поздравительной речью выступил ректор КГТУ им. И. Раззакова М.Дж. Джаманбаев. Проректор по научной работе и внешним связям Султаналиева Рая Мамакеевна выступила с докладом о научной деятельности в КГТУ им. И. Раззакова. В честь Дня науки были вручены почетные грамоты и благодарственные письма отличившимся сотрудникам. После вручения наград состоялся концерт в честь праздника. На концерте выступили: Атантаев Истанбек Акматович, Бакиров Бакдоолот Жокинович, Тунгатаров Данияр Карыпбекович и студенты с танцевальным номером. 

 

 И.Раззаков атындагы КМТУдагы ИЛИМ майрамына карата куттуктоо

 

Э.и.д., профессор Атантаев Истанбек Акматович 

 

65 ке чыкканча,

Алдына эч ким салбаган.

Абройлуу “Политехте”,

Ар намыс бек го кармаган.

Жарашкан жаркын жамааты,

Жакшы илим  жасап, талбаган.

 

Тарбиялап жаштарды,

Маңдайдан аккан мончок тер,

Бизде бар бир топ факультет,

Жана да башка бөлүмдөр,

Иштешет кыйын адистер,

Профессор маалимдер,

Бардыгы тегиз кеменгер.

 

Таза, так жүрүп жатышат,

Айтса болоор жазганбай.

Илимде көп слымдар,

Ташка тамга баскандай.

Ойлогон ой, максаттар,

Жаркырап күйгөн ак шамдай.

 

Инженердик экономика,

Технология, информатика,

Энергетика, механика,

ИСОП, Кыргыз-Германия,

                         Коммуникация- электроника,

Инстититуттары, факультеттери,

Дүмөгү түптүү, күчү зор,

Ыйык илим чектери.

Жыйынтыктуу, жыйнактуу,

Жасашкан аракеттери

 

ИЭФти азыр  курамын,

Азис эр жигит жетектейт.
Жардылыкты жок кылып,

Инфляция тушап, бутка тээп.

Кыргыздын экономикасын,

Көтөрөмүн- деп, дегдейт.

Ушул багытта илимге,

Жамааты сугарылып келет,- дейт.

 

Технология үйрөтүп,

Техникасын дааналап,

Эт, сүттөн тамак жасоону,

Илим, билимге кынап.

Кийим тиксе келишкен,

Кийишет элдер модалап.

Тамара эже чарчабай,

Албан иш жасап келатат.

 

ФИТте эмгек кылууда,

Деканы анын - Гүлнара,

Маалимдер - чоң адистер,

Заманбап билим жагында.

Интернет чагып окутса,

Бүт аалам чөгүп жаныңда.

Чоң илим жасап келатат,

Жаштарга жасап камылга.

 

Суу энергиясын окутуп,

Күн энергиясын изилдеп.
Колдонсок, деп аларды,

Кылууда талбай ак эмгек.

Чечил маселе чечил!, деп,

                         Иштей турган кезим,  деп,

Жалалиддин деканы,

Чуркап жүрөт безилдеп.

 

Кыргыз- Герман институту,

Директору Анипа,

Укмуш иш жасап жатышат,

Аткарылып убада,

Гранттарды көп тапты,

Өзүн бакты эл бакты,

Биз гана эмес суктанткан,

Германия тарапты.

 

Кийинки менде айтчу кеп,

Механика-унаа факультет.
Жалкоо студенттерге,

Сопромат болгон чоң келтек,

Жетекчисин Таалайбек,

Ким тааныбайт, ким билбейт?

Илгиртпей илим жасоодо,

Кээде транспорттой шаркырап,

Кээде механикадай күркүрөп.

 

Көп илим, билим багытын,

Жаткан интеграциялап,

Директору Туйгунбек,

Оюу бийик, өзү сак.

Кош диплом берем деп,

Студент жыйнайт кылтактап,

Үлкөн иш жасап жатыры,

Туруп калбай жалтактап.

 

Электроника-коммуникация,

Келишкен институтунда,

Бардык болгон жандыкты,

Байланыштырып турууга.

Барды Бакыт баш болуп,

Заманбап технологияга,

Эл көңүлүн бурууга.

Максаттарың сенде зор,

Зуулда Бакыт, зуулда!

 

Азыркы КМТУбузда,

“Клеопатра” деп, аталган,

Илимди жетектесин, деп,

Жалпыбыздан бата алган,

Ал иштин ыйык багытын,

Ылдыйлатпай катардан.

Илимдин ийнеси менен,

Кудуктарын каса алган,

Ал - Мамаке кызы Рая,

Айымыбыз  акылман.

 

Илим билим булагы,

Билим өнөр чырагы,

Билектүү жыгат бирди, деп,

Билимдүү жыгат миңди,  деп,

Илгертен бери Кыргызда,

Айтылып келет асыл кеп,

Майрамдап азыр жатабыз,

Аздектеп аны белгилеп,

Жетишкен ийгиликтерге ,

Кубанууда эт жүрөк.

 

Тапкыла издеп, жаңылык,

Илим жана билимден,

Максаттар болсун эң бийик,

Асыл ойлорго киринген,

Жыйынтык, ийгиликтери,

Бүт дүйнөгө билинген.

Ак эмгегиңер бааланып,

Алгыла айлык жүз миңден !

Ушундай аппак тилегим,

Ушуну калап жүрөм мен,

Ушуну каалап турам мен.