Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Новости


2022-жылдын 27-сентябрында И.Раззаков Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча институттук потенциалды бекемдөө максатында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.

Бул долбоор Азия өнүктүрүү банкынын жана КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин колдоосу менен ишке ашырылат.

Кызматташтык боюнча меморандумду ишке ашыруунун алкагында Азия өнүктүрүү банкынын жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин колдоосу менен И.Раззаков атн. КМТУнун «Транспорттук жана технологиялык машиналарды эксплуатациялоо» кафедрасынын базасында “Система: Айдоочу – автоунаа – жол –чөйрө” (ВАЖЧ) окуу-техникалык борбору түзүлөт, аталган борбордо эки тараптын кызыкчылыгында студенттерди жана башка угуучуларды квалификациялуу даярдоо төмөнкү багыттар боюнча жүргүзүлөт:

жол кыймылынын коопсуздугу боюнча окуу курстарын өткөрүү;

Кыргыз Республикасынын эксплуатациялык шарттарында жол кыймылынын коопсуздугуна аудит жүргүзүү боюнча окуу курстарын өткөрүү;

техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрдү баалоо үчүн Кыргыз Республикасынын эксплуатациялык шарттарында транспорт каражаттарынын кыймылынын коопсуздугунун окуу-эксперименталдык сыноолорун өткөрүү;

И.Раззаков атн. КМТУнун «Транспорттук жана технологиялык машиналарды эксплуатациялоо», «Автомобиль жана темир жолдор, көпүрөлөр жана тоннелдер» жана «Ташууларды уюштуруу жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо» кафедраларынын окуу жана илимий-изилдөө иштерин өнүктүрүү.

Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол тармагына кадрларды даярдоо;

квалификацияны жогорулатуу курстарын өткөрүү.

Жол-транспорт тармагын реформалоонун алкагында, ошондой эле БААЭК өлкөлөрүнүн 2017-2030-жылдарга Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоонун аймактык стратегиясын жана БУУнун «2021-2030-жылдарга жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-аракеттердин он жылдыгы» Глобалдык планын ишке ашыруунун алкагында Эл аралык жана республикалык маанидеги автомобиль жолдорун долбоорлоодо, реконструкциялоодо жана эксплуатациялоодо "Жол коопсуздугунун аудити" процедурасы КР ТжКМ жумушчу практикасына ишке ашырылмакчы.