Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Новости


2022-жылдын 3-октябрында маалыматтар аналитикасынын негиздери боюнча BOOTCAMP сертификаттары тапшырылды.

Тапшыруу аземине И.Раззаков атн.КМТУнун ректору М.К. Чыныбаев, Жогорку технологиялар паркынын директору Чубак Темиров, маалыматтык технологиялар факультетинин деканы Гүлнара Кабаева жана “Кыргызстанда санариптик трансформацияны колдоо” эки тараптуу кызматташуу долбоорунун туруктуу кеңешчиси Тынис Мяе катышты.

Окуу курсуна мамлекеттик жана жеке сектордон 60 каалоочу катышты.

Тренинг аралаш формада өттү: 1-сентябрдан тартып онлайн, ал эми 5-9-сентябрга чейин КМТУда оффлайн форматта өттү.

Машыктыруучу болуп Мамлекеттик казыналыктын эксперттери Aune Sanz жана Henje Kasslin, Колдонмо илимдер университетинин улук окутуучусу Veijo Vänttinen (баары Финляндиядан)  иш алып барышты.

Алардан сырткары биздин университеттен жергиликтүү машыктыруучулар ишке тартылды.

Тренинг эки агымда уюштурулду: эртең менен жана түштөн кийин – ар бири 4 сааттан.

Тренинг программасы төмөнкү бөлүмдөрдү камтыды:

Маалыматтарды чогултуу жана тактоо;

Маалыматтарды изилдөө жана талдоо;

Маалыматтарды визуализациялоо жана отчет түзүү;

Болжолдоочу аналитика.

Тренингдин жыйынтыгында катышуучулар төмөнкү көндүмдөргө ээ болушту:

Маалыматтарды кайдан жана кантип чогултуу керек;

Маалыматтарды чогултуу жана иштетүү;

Маалыматтарды баалоо үчүн статистикалык ыкмаларды колдонуу;

Изилдөөлөрдү талдоо жөндөмдөрү;

Маалыматтарды визуализациялоонун негиздери;

Отчет берүү үчүн маалыматтарды даярдоо;

Болжолдоодо  тездикти үйрөнүү;

Болжолдоону баалоо методдору;

MS Excel, Power BI, SAP Predictive Analytics аналитикалык куралдарын билүү.

Ар бир бөлүмдө реалдуу бизнес окуяларынан практикалык мисалдар камтылып жана сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча катышуучулардын 86%дан ашыгы тренинг алардын күтүүлөрүн актап, 93%дан ашыгы анын мазмунуна оң баа беришти.

Уюштуруучулар кийинки курсту октябрь айында өткөрүүнү пландап жаткандыгын эскертебиз. Жарыяларды өткөрүп жибербөө үчүн биздин басылмаларга назар салыңыздар.