Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Новости


2022-жылдын 27-сентябрында «Liu Gong»  кытайлык компаниянын Ванг Тин, Мистер Янг и Мо Сен Хвей И. Раззаков атн. «Транспорттук жана технологиялык  машиналарды эксплуатациялоо»  кафедрасына  иш сапары менен келишти.

Бул иш сапары профессор И.Сүйүнтбеков жана «Техно Премьер»  компаниясынын негиздөөчүсү Т.Дубанаев тарабынан демилгеленип, уюштурулган.

Иш сапарынын жүрүшүндө Liu Gong» кытайлык компаниянын өкүлдөрү тарабынан ТТМЭ кафедрасынын алдындагы «Техно Премьер» ОИТБ материалдык-техникалык базасын бекемдөө үчүн бир катар жаңы жабдыктар тапшырылды.

Жаңы жабдыктардын  арасында - «CumminsL 9.3» ичинен күйүүчү дизелдик кыймылдаткыч, өткөргүч кутучасы, гидравликалык стенддер, насостор, стеллаждар, окуу куралдары, аспаптар, транспорттук жана технологиялык машиналардын электр жабдууларынын плакаттары жана стенддери бар.

Өткөргүч кутучасын чогултуу үчүн ичтен күйүүчү кыймылдаткыч, ассистор, насос дозатор, макеттерди демонтаждоо жана жыйноо үчүн шаймандардын комплекти, плакаттардын жана техникалык окуу куралдарынын топтомун чогултуу үчүн көп функциялуу стендди алуу күтүлүүдө. Жалпысынан материалдык-техникалык базаны чыңдоо үчүн 20 миң АКШ доллары өлчөмүндө шаймандарды, жабдууларды жана окуу куралдарын алып келүү күтүлүүдө.