Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Новости


2022-жылдын 15-17-сентябрда Алтай мамлекеттик университетинде (Барнаул ш., Россия) Азия университеттеринин ассоциациясынын (ААУ)  кезектеги V съезди болуп өттү, ага И.Раззаков атн.КМТУнун Колдонмо информатика кафедрасынын башчысы Орозобекова А.К. катышты.

Алгач Кыргызстандан төрага Садыков К.Ж. отчёттук мезгилде аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча отчет берип, келечектеги башкаруучу тизгинди Ш.Рашидов  атн. Самарканд мамлекеттик университетинин ректору Р. Халмурадовго тапшырды. Съезде  И.Раззаков атн. КМТУ Кыргыз Республикасындагы инженердик жана IT багыттары боюнча координациялоочу университет болуп бекитилди.

Эртеси Белокуриха шаарында Россиянын Элдердин достугу университетинин жана ШКУ университетинин көмөгү менен уюштурулган “Алтай-Азия 2022: Евразиялык билим берүү мейкиндиги – жаңы чакырыктар жана мыкты тажрыйбалар” V Эл аралык билим берүү форуму ишин баштады. Форум төрт эксперттик сессиянын алкагында уюштурулган:

Өзгөрүлүп жаткан эл аралык контекстте жогорку билим берүүнү интернационалдаштыруу: университеттердин эл аралык ишмердигинде стратегиялык ыкмаларды трансформациялоо жана антикризистик чечимдерди издөө;

Россия-Азиялык илимий-билим берүү мейкиндигинде ЖОЖдордун тармактарын түзүүнүн негизги тенденциялары: стратегиялык артыкчылыктар, өнөктөштүктүн формалары. Азыркы абалы жана келечеги;

Санариптик трансформация жана эл аралык контекстте жогорку билим берүүнү өнүктүрүүнүн сценарийлери
"Ички" интернационализация: жергиликтүү деңгээлдеги эл аралык кызматташтыктын мааниси.

Катышуучулардын көңүл борборунда дүйнөлүк билим берүү мейкиндигинде ЖОЖдордун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыздоо фактору катары эл аралык биргелешкен тармактык билим берүү программаларын өнүктүрүүгө, жогорку билим берүүнү интернационалдаштыруу жана санариптештирүү, россиялык-азиялык билим берүү мейкиндигинде ЖОЖдордун тармактарын түзүүнүн негизги тенденциялары болду.

Кийинки  күнү ШКУ Университетинин Улуттук ректораты Форумдун аянтчаларында жогорку билим берүү системасындагы эл аралык кызматташуунун актуалдуу темалары боюнча талкууларды уюштурду. Белгилей кетсек, “Шанхай Кызматташтык Уюму: жаңы горизонтторду изилдөө” монографиясынын басылып чыгышы ушул окуяга туш келип, анда Россиянын, Кыргызстандын жана Казакстандын ЖОЖдорунун бардык материалдары “Эл аралык мыкты билим берүү программалары жана практикалары» топтолгон. Атап айтканда, О.Богатырева (УрФУ) жана А.К.Орозобекова биргелешип жазган «ШКУдагы гуманитардык кызматташтык: учурдагы абалы жана өнүгүү өзгөчөлүктөрү» деген монографиянын бөлүмдөрүнүн биринде эки университеттин – АлтМУ жана КММТАУ тарабынан IT-технологиялар боюнча ишке ашырылып жаткан жана анын алкагында эки университеттин студенттеринин академиялык мобилдүүлүгү ишке ашырылган 2-даражадагы магистрдик программанын деңгээлинде ийгиликтүү өз ара аракеттенүүнүн мисалы катарында чагылдырылган.

Мындан тышкары, биздин делегат Орозобекова А.К. Алтай мамлекеттик университетинин космостук мониторинг жана эсептөө технологиялары лабораториясынын ишмердүүлүгү менен таанышууга жана санариптик технологиялар, электроника жана физика институтунун директору Макаров С.В. менен мындан аркы маселелердин жана кызматташуунун келечегин талкуулоого жетишти.