Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Новости


2022-жылдын 27-сентябрында И.Раззаков КМТУга иш сапары менен Түндүк Кавказ федералдык университетинин ректору Беспалов Д.Н. келди. Биз тараптан мейманды ректор М.К. Чыныбаев  кабыл алды.

Тараптар инженердик кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатуу боюнча биринчи кезектеги милдеттерге кеңири токтолуп, алдыңкы илимий-билим берүү борборлорунун бет-ачарлары менен алмашышты. Курулуш индустриясы үчүн адистерди өз ара пайдалуу биргелешип даярдоону ишке ашыруу эки тараптын өзгөчө кызыгуусун жаратты.

Жолугушуунун жыйынтыгында заманбап курулуш материалдарын өндүрүүнүн инновациялык технологияларын изилдөө жана өнүктүрүү максатында биргелешкен илимий-изилдөө лабораториясын түзүү боюнча эл аралык сынакка эки тараптын катышуусу жөнүндө Макулдашууга кол коюлду.