Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Новости


 

2022-жылдын 22-23-сентябрында Россия-Кыргыз Техникалык университеттеринин консорциуму – РКТУКнун түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгына арналган иш-чаралар өткөрүлдү.

 Х Жалпы  жыйында Россиянын 23 университетинин (анын ичинде 3 аралыктан) жана Кыргызстандын 9 университетинин өкүлдөрү катышты. Салттуу иш-чара Ысык-Көл областында өтүп, бул жолу уюштуруучулар: И.Раззаков атн. КМТУ, К.Тыныстанов атн. ЫМУ жана И.Абдраимов атн. Кыргыз авиациялык институту болушту.

Катышуучуларга куттуктоо сөзү менен модератор, РКТУК Башкармалыгынын тең төрагасы, «МЭИ» Улуттук изилдөө университетинин ректору Рогалев Н.Д. жана РКТУКнун Башкармалыгынын тең төрагасы, КМТУнун ректору Чыныбаев М.К.  сөз сүйлөштү.

Консорциумдун катчылыгынын өткөн жылдагы отчетунда 2021/22-окуу жылында Кыргызстандын ЖОЖдорунда 266 студент билим берүүнүн 22 багыты боюнча (23 биргелешкен билим берүү программасы – ББП) билим алганы белгиленген.

Алардын басымдуу бөлүгү бакалавриатта, ошону менен  катар бир эле учурда бир нече магистратура программалары ишке ашырылып жатат: бакалавриаттын 1-курсунда 143 адам, бакалаврдын 2-курсунда 113 жана магистратурада 10 адам. Жыйынтыгында КМТУдан 241 студент, Н.Исанов атн.КМКТАУдан 25 студент түзөт.

Россиялык тараптан ишке ашырылып жаткан ББПга 10 ЖОЖ  катышууда. Бүгүнкү күндө анда 3-4-курстта - бакалавриатта 17 студент, магистратурада 37, аспирантурада 5 билим алууда. Бул жылы 8 студент  «МЭИ» Улуттук изилдөө университетинин, Казань мамлекеттик энергетика университетинин жана Н.П. Огарев атн. Мордовия мамлекеттик университетинин ББПнын дипломдорун алышты («экинчи» дипломдор КМТУнун МАК тарабынан берилди).

Мындан сырткары, бакалаврдын 89% бүтүрүүчүлөрү магистратурага тапшырышкан (анын ичинде 63% Россиянын ЖОЖдорунда). Ошондой эле ББПнын бүтүрүүчүлөрү тандаган адистиги боюнча жумуш таап, ийгиликтүү ишке орношуп жатканын белгилейбиз.

Жаңы 2022/23-окуу жылында 9 кыргызстандык студент Россиянын өнөктөш университеттерине бакалавриатта окуусун улантууга жөнөтүлдү, анын ичинен 7 адам Россотрудничествонун квотасы боюнча. Ошондой эле 16 адам магистратурага жана 4 адам орус тилинин квотасы боюнча аспирантурага кабыл алынган (анын ичинен 3 адам  ББП бүтүрүүчүлөрү).

ЖОЖдор аралык олимпиадаларга катышуу студенттерибиз үчүн олуттуу жардам болуп жатат:алсак, «МЭИ» Улуттук изилдөө университетинин энергетикалык олимпиадасында, БМТУнун «ВОЕНМЕХ» коргоо-техникалык олимпиадасында жана КМЭУнун «Энергетикадагы физика» эл аралык онлайн олимпиадасында. .мындан сырткары, быйылкы жылы БМТУ «ВОЕНМЕХ», «МЭИ» УИИ, КМЭУ жана ИТМО университетинде күндүзгү жана дистанттык форматта квалификацияны жогорулатуу курстары уюштурулуп, ага КМТУ, ОшТУ, ОшМУ жана КӨЭУнун 172 кызматкери катышты.

РКТУКнун мааракелик иш-чараларынын алкагында 2022-жылдын февраль айында видеоконференция аркылуу “ББПны уюштуруу жана ишке ашыруу боюнча методикалык сунуштар” темасында семинар уюштурулуп өткөрүлдү, ага Кыргызстандын жана Россиянын 15 университетинен 81 өкүл катышты жана алардын ар бири атайын үлгүдөгү күбөлүк алышты.

Россиянын ЖОЖдорунда окууга кезектеги тандоо өнөктүгү 1-октябрда башталат, андыктан учурда РКТУКнун ЖОЖдору ББПга студенттеринин тизмесин тез арада макулдашылып, андан кийин келерки жылга максаттуу квоталарды бөлүштүрүү үчүн консолидацияланган өтүнмөлөрдү жөнөтүү үчүн Education-in-Russia.com порталында катталуу соңуна чыгууда.

2023-жылга  өтүнмөлөрдүн долбоорунда 8 окуу багыты боюнча билим алып жаткан 75 студент (анын ичинде 41 бакалавриат, 1 адис жана 27 магистр) камтылган жана 2 бүтүрүүчү аспирантурага тапшырууга сунушталган. Ошондой эле Кыргызстандын ЖОЖдорунан 4 окутуучуларды квалификациясын жогорулатуу максатында кошумча кесиптик билим берүү программаларына жиберүү  пландаштырылган.

ББПга студенттерин кабыл алган Россиялык университеттеринин тизмеси 7 жождон турат. Адаттагыдай эле Консорциумдун катчылыгына Россиянын ЖОЖдорунан РКТУКга кирүү өтүнүчү менен арыздар келип түшкөн.

Жалпы  жыйында 4 ЖОЖдун бет-ачарлары жана алардын ББП өнүктүрүү боюнча пландары угулду. Талкуунун жана ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен РКТУКга жаңы мүчөлөр кирди: Дон мамлекеттик техникалык университети, Тамбов мамлекеттик техникалык университети, Россия мамлекеттик кесиптик-педагогикалык университети жана В.Г.Шухов атн. Белгород мамлекеттик техникалык университети.

Мындан ары Консорциумга Россиянын 24 шаарынан 40 ЖОЖдору жана Кыргызстандын 7 шаарынан 15 ЖОЖдору кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-июлундагы №243 “Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгынын негизинде маалым болгондой жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 414 “Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларын кайра уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө” токтомуна ылайык И.Раззаков КМТУга Н.Исанов атн. КМКТАУ жана академик У.Асаналиев атн. Кыргыз мамлекеттик геология, тоо-кен жана жаратылыш ресурстарын иштетүү университетин бириктирүү жолу менен кайрадан түзүлдү.

Жогоруда баяндалгандын негизинде РКТУКнун жогорку окуу жайларынын тизмесине биздин республикадан тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилди.

Өткөрүлгөн жыйында Мурманск Арктика мамлекеттик университети жана Ыраакы Чыгыш мамлекеттик транспорт университети, ошондой эле К.Тыныстанов атн.ЫМУ баяндама жасашып, кызматташуу тажрыйбасы менен бөлүшүштү.

Жыйындын соңунда Консорциумга мүчө университеттердин өкүлдөрү РКТУКнун 2022/23-окуу жылына карата иш планын жана Жалпы жыйындык жыйынтыктоочу протоколун кабыл алышты.

Ошондой эле салттуу  «Илимий-техникалык жана билим берүү мейкиндигиндеги интеграциялык процесстер» аталышындагы VIII Эл аралык тармактык илимий-техникалык конференция болуп өттү (адаттагыдай эле 2022-жылдын март-май айларында секциялык отурумдар түрүндө дистанттык формада уюштурулган).

Жыйынтыктоочу пленардык отурум да Ысык-Көл областында өттү.

Жыйынтыктоочу баяндама менен КМТУнун проректору Б.Төрөбеков  чыгып сүйлөдү, ал өз баяндамасында секциялардын отурумдарында жалпысынан кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатуу, санариптештирүү жана глобалдык интеграция көйгөйлөрү, жаңы материалдар жана технологиялар боюнча иштелмелер, өндүрүштү автоматташтыруу, курулуш, машина куруу тармактары боюнча техникалык деңгээлди жогорулатуу боюнча 80ден ашык баяндамалар угулганын белгиледи.

Бир катар баяндамаларды Кыргызстандын жана Россиянын алдыңкы илимий журналдарына жарыялоо сунушталды. Жыйынтыгында Консорциумдун мүчөлөрү конференциянын корутунду резолюциясын бир добуштан бекитишти.