Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Новости


2022-жылдын 11-майында республиканын борборунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Дүйнөлүк Банктын колдоосу астында адамдык өнүгүү форуму өтүп жатат, анда

И.Раззаков атындагы КМТУнун ректору М.К. Чыныбаев катышууда.

Белгилей кетсек, бул иш-чара адам капиталын өнүктүрүү үчүн приоритеттүү трансформациялык инвестицияларды аныктоо максатында өлкө жетекчилиги жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр үчүн саясий платформа түзүүгө багытталган.

Анда жогорку деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлердин, эл аралык жана жергиликтүү эксперттердин кеңири чөйрөсү чогулуп, өлкөбүздүн билим берүү, саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо тармагына инвестиция тартуу боюнча алдыңкы тажрыйбаларды жана саясаттын артыкчылыктуу чараларын талкуулашты.

Белгилүү болгондой, адамдык капиталга ар бир адамдын өмүр бою топтогон билимдери жана көндүмдөрү кирет, алар туруктуу өнүгүү жана жакырчылыкты кыскартуу жолунда кыймылдаткыч фактор болуп калат.

Бүгүнкү күндө адамдык капиталды өнүктүрүү эмгек акыны жогорулатуу, мамлекеттик кирешелерди көбөйтүү жана коомдук биримдикти чыңдоо менен көбүрөөк байланышкан.

Бирок, мындай баалуу жетишкендиктер коронавирустук пандемиянын кесепеттеринин натыйжасында жокко чыгарылышы мүмкүн,

ошондуктан аларды сактап калуу үчүн, айрыкча, жакыр жана социалдык жактан аялуу катмарларынын арасында тез арада чаралар көрүү зарыл.

Форумдун бекитилген программасына ылайык, билим берүү боюнча сессиянын иши бизди өзгөчө кызыктырат, анда Дүйнөлүк банк тобунун улук адиси Хусейн Абдул-Хамид мырзанын жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри А.Бейшеналиевдин экономикалык өсүштү колдоо үчүн билим берүү системасын трансформациялоого арналган баяндамалары камтылган.