Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Новости


«И. Раззаков атындагы КМТУнун институттарынын директорлорун жана факультеттеринин декандарын шайлоо тартиби жөнүндө жобосуна» жана уюштуруу комитетинин регламентине ылайык Технология факультетинин деканынын кызмат ордуна талапкерлер тарабынан белгиленген тартипте шайлоого катышуу үчүн уюштуруу комитетине документтерди тапшыруу 2022-жылдын 13-майында саат 17.00дө аяктайт.

Документтерди ТФ декандыгына шайлоо боюнча уюштуруу комитетинин катчысы, «Коомдук тамактануу азыктарынын технологиясы» кафедрасынын улук окутуучусу М.А. Азисова кабыл алат (ауд. 1/307) – 0557 337 447; 0709 777 123; 0312 56 14 38.

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу керек:

  • талапкердин КМТУнун ректорунун атына жазган арызы;
  • факультеттин деканынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү жөнүндө факультеттин, кафедранын профессордук-окутуучулук курамынын чогулушунун протоколунан көчүрмө (өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлерге талап кылынбайт);
  • кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракча;
  • жогорку билими, илимий даражасы жөнүндө дипломдордун көчүрмөлөрү;
  • эң маанилүү иштердин тизмеси;
  • резюмеси

Уюштуруу комитети