Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Новости


2023-ж. 15-мартта Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев И.Раззаков атн.КМТУда өзгөчө  макамга ээ ЖОЖдордун ректорлору менен жыйын өткөрдү.

Жыйында ректорлор атайын макамдын алгандан кийин аткарылган иштер, өзгөртүүлөр, эл аралык кызматташтык, өнүгүү стратегиясы, иш-чаралар планы жана күтүлүп жаткан жыйынтыктар боюнча презентацияларды беришти.

Жыйындын соңунда таанышуу сапары уюштурулуп, анын жүрүшүндө министр К.К. Иманалиев университеттин лабораторияларында жана билим берүү уюмдары үчүн ашпозчуларды жана ашкана кызматкерлерин даярдоо боюнча Республикалык компетенция борборуна барды.