Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Новости


2023-ж. 28-февралда МЭИ Улуттук изилдөө университетинин кызматкерлерине «Даңк» медалын тапшыруунун салтанаттуу аземи болуп өттү. И.Раззаков атн. КМТУ Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон өзгөчө салымы, ошондой эле жогорку квалификациялуу инженердик-техникалык жана илимий кадрларды даярдоодогу сиңирген эмгеги үчүн аталган сыйлыкка МЭИни сунуштаган.

«Даңк» медалы 1996-ж. Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, ошондой эле мамлекеттик ишмердүүлүгүндөгү зор жетишкендиктери үчүн ыйгарылуучу Кыргызстандын мамлекеттик сыйлыгы катары негизделген. МЭИ УИУ мындай жогорку сыйлыкты алган дүйнөдөгү биринчи университет болуп калды.

МЭИ Улуттук изилдөө университети совет доорунда Фрунзе политехникалык институтунун энергетика факультетинин базалык университети болгон жана учурда И. Раззаков атн. КМТУда энергетика тармагындагы кадрларды даярдоо негизги өнөктөшү болуп калууда. КМТУнун көптөгөн кызматкерлери МЭИде аспирантураны бүтүрүп, окумуштуулук даражага ээ  болушкан.

2006-ж. И. Раззаков атн. КМТУ жана МЭИ УИУ ортосунда «Электр энергетикалык тутумдары жана тармактары» жана «Эсептөө техникасы, комплекстер, системалар жана тармактар» адистиктери боюнча кадрларды даярдоо боюнча биргелешкен билим берүү программасын уюштуруу жөнүндө макулдашууга кол коюлуп, тыгыз жемиштүү кызматташуу жаңы баскычка ээ болуу менен МЭИ-КМТУнун базасында биргелешкен факультет түзүлгөн.

2012-ж.  МЭИ Улуттук изилдөө университетинин түздөн-түз катышуусу менен Россия-Кыргыз Техникалык университеттеринин консорциуму түзүлүп, анын курамына МЭИ Улуттук изилдөө университети жана И.Раззаков атн. КМТУ кирген. Учурда консорциумга Россиянын 40 университети жана Кыргызстандын 15 университети кирет, алар ар кандай билим берүү, илимий жана техникалык тармактарда кызматташууну активдүү өнүктүрүшөт.

Кыргыз Республикасынын  Президенти Садыр Жапаровдун атынан Кыргызстандын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Гүлнара-Клара Самат айым Николай Рогалевго жогорку сыйлыкты тапшырып, МЭИ ИИУ ректоруна жана жамаатына бакубатчылык, жаңы жеңиштерди жана жетишкендиктерди каалады.

Элчи университетке кесипкөй кадрларды даярдоо жана Кыргыз Республикасынын энергетика тармагын өнүктүрүү үчүн ыраазычылык билдирди. Гүлнара-Клара Самат айым ошондой эле: «Энергетика тармагы Кыргыз Республикасынын алдыңкы тармактарынын бири болгондуктан,  МЭИ УИУ менен илимий-техникалык кызматташтык мындан ары да өлкөлөрүбүздүн жана элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн өнүгүп, чыңдала берерине ишенем” – деп белгиледи.

Жооп катары Николай Рогалев мындай жогорку сыйлык үчүн терең ыраазычылыгын билдирип:“МЭИ Улуттук изилдөө университетинен Кыргыз Республикасынын энергетика тармагы үчүн жүздөгөн жогорку квалификациялуу адистер чыгышты, алар эң маанилүү кызматтарда иштешкен. Советтик Кыргызстандын жана эгемен Кыргызстандын курулуш объектилери Нарын дарыясынын жээгинде ГЭСтердин каскадын тургузушту, республика боюнча жогорку вольттуу электр линияларын тартышты, Бишкек жана Ош шаарларында ТЭБтерди, аймактарда кичи ГЭСтерди курушту. Мамлекеттик жогорку сыйлыкты — «Данк» медалын тапшыруунун салтанаттуу учурунда мен бул сөздөрдү МЭИнин УИУ жамаатына ыраазычылык  билдирем, анткени бул Кыргызстандын энергетика тармагы учун жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо боюнча биздин куч-аракетибизге жалпы баа. Биз биргелешкен иш-аракетибиздин мындай жогорку өзгөчөлүгү үчүн ыраазычылык билдиребиз жана өзүмдүн атымдан орус-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүнүн жыргалчылыгы үчүн кызматташууда мындан ары да жаңы бийиктиктерди багынтууну улантмакчыбыз”.

Салтанаттуу аземде куттуктоолорго ардактуу коноктор кошулду: Мамытканов Максат Сүйүналиевич - Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Бажы кызматташтыгы боюнча Коллегия мүчөсү (Министр), Кожошев Арзынбек - Энергетика жана инфраструктура боюнча ЕЭК Коллегиясынын мүчөсү (Министр), ошондой эле Дуйшеналиев Туратбек Болотбекович ф.-м.и.д.,  МЭИ УИУ «Робототехника, мехатроника, динамикасы жана машиналардын бекемдиги» кафедрасынын профессору, МЭИ ардактуу доктору.