Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Новости


Урматтуу Калый Рахимович!

Сизди Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин даңктуу жамаатынын атынан 85 жылдык мааракеңиз менен куттуктайбыз!

Ар бир адам жыл сайын туулган күнүн белгилейт, ал эми мааракелер өмүрүндө бир нече жолу гана болот. Ар бир адам үчүн өзгөчө дата - бул анын өмүр жолунда жаңы маанилүү босого жана анын кылган иштерине артка кайрылып, баалоого негиз бар.

Өмүр баяныңызга көз чаптырсак, биздин чыныгы “политехник” экениңиз “бардык турган турпатыңыздан” байкалып турат. ФПИни бүтүргөндөн кийин «Кыргызпромпроект» долбоорлоо институтунда, Жогорку окуу жайларында жана Инженердик академиянын Каракол шаарындагы филиалында бир нече жыл гана иштеп, калган жылдардын баарын окуу жайыңызга арнадыңыз. Бул жерде сиз ар кандай кызматтык орундарды аркаладыңыз: кафедра башчысы, факультеттин деканы болуп, көптөн бери профессор катары жаш муундарга билимиңизди, жөндөмүңүздү, тажрыйбаңызды бөлүшүп келесиз.

Сизди «Каарман эмгеги үчүн» жана «Даңк» медалдары менен сыйлап, «Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген энергетики», «Эмгек сиңирген энергетик», «КМШнын инженери», «Кыргыз Республикасынын өнөр-жайынын жана энергетикасынын отличниги» деген ардактуу наамдарды ыйгарып, инженердик билим берүүнүн флагманы катарында даңктуу ишмердүүлүгүңүзгө Мекениңиз татыктуу баасын берди. Өлкөбүздүн Инженердик академиясынын академиги катары илимге кошкон зор салымыңызды өзгөчө да баса белгилемекчибиз.

Ушундай кубанычтуу учурда сизге бардык жакшылыктарды, чың ден соолук жана, албетте, чоң бакыт каалайбыз! Жашооңуз жалаң гана сонун жаңылыктарга жана позитивдүү эмоцияларга толсун. Мурдагыдай эле акылман жана калыс, шайыр жана сүйүктүү кесиптеш болуп кала бериңиз!

Алдыда көп жарык, ачык күндөрдү каалайбыз!