Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Новости


2023-ж. 30-31-майда И.Раззаков атн. КМТУда “Өзгөрүлүп жаткан дүйнөнү түшүнүүгө геомейкиндиктик мамиле” GISCA’23 деген аталышта XVII Эл аралык конференция болуп өттү.

Конференцияны КМТУнун ректору Чыныбаев Мирлан Койчубекович ачты, КР УИАнын президенти, мүчө- корреспондент, проф. Абрахматов К.Э. жана Г.С. Исаева, Кыргыз Республикасындагы Эразмус+ Улуттук кеңсесинин координатору чыгып сүйлөштү. Катышуучуларга ошондой эле Австрия илимдер академиясынын академиги, проф. Жозеф Штробл,  жана Erasmus+ GeoTAK долбоорунун координатору, Валенсиядагы Политехникалык университетинен (Испания), проф. Луис Анхель Руиз кайрылды.

Жыл сайын өткөрүлүүчү конференциялардын сериясы университетте 2008-жылы Евразия-Тынч океан университеттер тармагынын (UNINET) колдоосу менен Австриядагы Зальцбург университети менен биргеликте түзүлгөн Австрия-Борбордук Азия геомаалыматтык илим борбору тарабынан уюштурулуп келет.

Белгилей кетсек, аталган борбор түзүлгөндөн бери ТЕМПУС, Erasmus Mundus, Erasmus+, Дүйнөлүк Банк, Фольксваген Фонду, DAAD жана башка фонддордун программаларынын алкагында бир нече эл аралык долбоорлор ишке ашырылып, ишке ашырылууда жана биринчи GISCA конференциясы 2005-жылы өткөн.

Илимий форумдар жыл сайын Борбордук Азия өлкөлөрүндө жана Кытайда англис тилинде Борбордук Азиянын, Австриянын, Кытайдын университеттеринин, Илимдер академияларынын жана илимий борборлорунун жана Түштүк Кореядан Trimble, ЮНИНЕТ, ЕСРИ жана GeoTwo сыяктуу өндүрүштүк өнөктөштөрдүн катышуусунда өткөрүлөт.

Конференцияга Австрия, Армения, Бельгия, Испания, Индия, Корея, Россия, Словения, АКШ, Швеция жана башка өлкөлөрдөн 100дөн ашык өкүлдөр катышты.

Негизги максат – Борбордук Азиядагы ГИС адистеринин тармагын бекемдөө жана аймактын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн колдоо, ал эми негизги маселелери – Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү ГИСтин илимпоздорун, педагогдорун жана практиктерин бириктирүү жана эл аралык кызматташууга жана ГИС билим берүүдө тажрыйба алмашууга дем берүү.

Конференциянын материалдары Scopus жана РИНЦ маалымат базасына кирген илимий журналдарда басылып чыгат. Кошумчалай кетсек, учурдагы конференцияга чейин жана андан кийин DEvision жана GeoTAK долбоорлорунун алкагында тренингдер уюштурулууда.

Алардын биринчиси Австриянын Билим берүү жана интернационалдаштыруу боюнча агенттиги тарабынан Австриянын Жогорку билим берүү жана изилдөөлөр боюнча өнөктөштүк программасынын алкагында каржыланат жана ага Зальцбург университети (Австрия), координатор катары Армениянын Улуттук архитектура жана курулуш университети, Ереван мамлекеттик университети жана КМТУ кирет.

Өнөктөш университеттер ар кандай дисциплиналар боюнча борбордук элементтер катары кызмат кылган, техникалыкдан экологияга, социалдык жана экономикалык жактан башкарууга чейинки негизги окуу модулдарынын топтомун киргизүү аркылуу «санариптик» Жердин жарандарына билим берүүнү максат кылышат.

Экинчи долбоор ЕБ Erasmus+, программасынын алкагында каржыланат жана координатору Валенсия Политехникалык Университети (Испания) болуп саналат.

Ошондой эле КМТУ улуттук координатор катары, М.Адышев атн. Ош технологиялык университети, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Айыл-чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматы катышты. Мында негизги максаттар геомаалыматтык технологиялар чөйрөсүндө аспирантура программаларын иштеп чыгуу жана университеттер, өндүрүш жана менеджменттин ортосундагы илимий-изилдөө жана инновациялар тармагындагы байланыштарды чыңдоо болуп саналат.

Бул долбоордун алкагында КМТУда 3 PhD докторантура программасы иштелип чыгып, аларга докторанттар кабыл алынмакчы.

Биз конокторду тосуп алганыбызга кубанычтабыз жана бардык катышуучуларга жемиштүү иштерди каалайбыз!

#КГТУ