Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Новости


2023-ж. 23-мартта И.Раззаков атн. Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде «Жол коопсуздугунун аудити» долбоорунун консультанттары Литвадан Эгидиус Скроденис, Австриядан Фридрих Надлер жана Даниел Элиас менен жолугушуу болуп өттү.

Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча институционалдык потенциалды чыңдоо долбоору Азия өнүктүрүү банкынын жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин колдоосу менен ишке ашырылат.

Анын максаты - жол коопсуздугун жакшыртуу болуп саналат.

Долбоордун алкагында Азия өнүктүрүү банкынын жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин колдоосу менен И.Раззаков атн.КМТУнун «Транспорттук жана технологиялык машиналарды эксплуатациялоо» кафедрасынын базасында  Окуу-техникалык борбору – “Система: Айдоочу – Автоунаа – Жол – Экология” (ВАДС) түзүлөт, анын алкагында эки тараптын кызыкчылыгында студенттерди жана башка угуучуларды квалификациялуу даярдоо төмөнкү  багыттар боюнча жүргүзүлөт:

жол кыймылынын коопсуздугу боюнча окуу курстарын өткөрүү;

Кыргыз Республикасынын эксплуатациялык шарттарында жол кыймылынын коопсуздугуна аудит жүргүзүү боюнча окуу курстарын өткөрүү;

техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрдү баалоо үчүн Кыргыз Республикасынын эксплуатациялык шарттарында транспорт каражаттарынын кыймылынын коопсуздугунун окуу-эксперименталдык сыноолорун өткөрүү;

И.Раззаков атн. КМТУнун «Транспорттук жана технологиялык машиналарды эксплуатациялоо», «Автомобиль жана темир жолдор, көпүрөлөр жана туннелдер» жана «Ташууларды уюштуруу жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо» кафедраларынын окуу жана илимий иштерин өнүктүрүү;

Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол тармагы үчүн кадрларды даярдоо;

квалификацияны жогорулатуу курстарын өткөрүү.

Жол кыймылынын коопсуздугун аудитинин негизги максаты - жол-транспорт кырсыктарынын ыктымалдыгын азайтуу жана жаңы жол объектисинде мындай кырсыктардын мүмкүн болуучу кесепеттерин чектөө.

Кыргыз Республикасында жол тармагын реформалоонун алкагында эл аралык жана республикалык маанидеги автомобиль жолдорун курууда, реконструкциялоодо жана эксплуатациялоодо «Жол коопсуздугунун аудити» тартиби киргизилет.

Литвадан келген консультант - Эгидиюс Скроденис мырзанын айтымында, бул долбоорду ишке ашыруу үчүн 26 айлык мөөнөт пландаштырылууда, анын жүрүшүндө Австрия жана Литвадан келген консультанттар топторунун жетекчилиги астында жол коопсуздугунун аудити тармагындагы эксперттер окутулат.