Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Новости


2023-ж. 29-мартта И.Раззаков атн.КМТУда бош орундардын жарманкеси өткөрүлдү

Иш-чаранын уюштуруучулары: “Кадрлар индустриясы” жеңил өнөр-жай билим берүү борбору жана “Жеңил өнөр-жай продукциясынын технологиясы” кафедрасы.

Жарманкенин катышуучулары: ЖОЖдордун, колледждердин бүтүрүүчүлөрү жана кесиптик лицейлер; тигүү ишканалары; текстиль жана булгаары ишканалары.

Программага ылайык, куттуктоо сөздөрү менен иш-чараны КМТУнун ректору М.К.Чыныбаев ачты, андан кийин Эл аралык соода борборунун (ITC) GTEX программасынын менеджери А.И.Туйбекова чыгып сүйлөдү. Ошондой эле Бишкек шаарынын алдыңкы тигүү ишканаларынын өнөрлөрү чыгып сүйлөштү.

Жарманкеде «Жеңил өнөр-жай продукциясынын технологиясы», «Буюмдарды көркөм долбоорлоо» кафедраларынын студенттеринин эмгектеринин коллекциялары, ошондой эле политехникалык колледждин студенттеринин коллекциясы көрсөтүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө бүтүрүүчүлөр тигүү жана текстиль ишканаларынын өкүлдөрү менен байланыш маалыматын алмашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Жарманкенин соңунда ар бир каалоочу кафедранын окуу лабораторияларын жана окуу борборун көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Иш-чара Эл аралык соода борбору (ITC) ишке ашырган жана Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланган Глобалдык текстиль жана тигүү программасынын (GTEX) техникалык колдоосу менен уюштурулду.