Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Новости


2023-ж. 6-апрелде  И.Раззаков атн.КМТУга совет доорунда шампан шарап заводу деген ат менен кеңири белгилүү болгон «Кыргыз шампан» ЖЧКсынын өкүлдөрү келишти.

Иш сапардын жүрүшүндө жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо жаатында өз ара пайдалуу кызматташууга кызыкдар уюмдардын тармагын түзүү, окуу процессинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, биргелешкен окуу жана илимий, курстук жана бүтүрүү иштерин жүргүзүү, өндүрүштү модернизациялоо жана өндүрүлүүчү продукиялар жана башка маселелер каралды.

Коноктор «Тамак-аш өндүрүшүнүн технологиясы», «Консервалоо технологиясы», «Телематика» кафедраларынын окуу жана илимий лабораториялары менен жакындан таанышышты, ошондой эле Эл аралык логистика жогорку мектебинде, Мектеп тамактануусу боюнча Республикалык компетенциялар борборунда, «Технолог» окуу-практикалык борборунда болушту.

Белгилей кетсек, ЖОЖдор менен өндүрүш ишканаларынын стратегиялык өнөктөштүгү мезгилдин чакырыгы жана биз көрүп тургандай, «КМТУ – Кыргызшампаны» узак мөөнөттүү стратегиялык өнөктөштүгү илимий жана окуу процессинин бардык деңгээлдеринде өз ара аракеттенүүнүн ар түрдүү моделдерин камтыйт.