Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Новости


2022-ж.,15-декабрда  КР Билим берүү жана илим министрлиги менен “Алтын түйүн” Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясы менен биргеликте “Билим берүү системасын өнүктүрүүдөгү илимдин жана инновациянын артыкчылыктуу багыттары” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциянын ачылышы болду.

КМШ өлкөлөрүнүн 100дөн ашык билим берүү тармагынын адистери билим берүүнүн көйгөйлөрүн жана өнүгүү тенденцияларын талкуулашат.

И.Раззаков атн. КМТУнун ректору М.К.Чыныбаев “Технопарктарды жана студенттердин стартаптарын өнүктүрүү технологияларды өндүрүшкө киргизүүнүн биринчи тажрыйбасы катары” деген аталышта  баяндама жасап, студенттердин инновациялык стартаптары жана университеттин илимий-инновациялык ишмердүүлүгү тууралуу кеңири айтып берди.

15-16-декабрда конференциянын катышуучулары «Билим берүү мекемелеринин, илимий мекемелердин жана өндүрүш ишканаларынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү», «Окутуучулардын жана студенттердин илимий компетенцияларын өнүктүрүү» жана «Креативдүү билим берүү илимий жана илимий-практикалык уюмдардын ийгиликтүү өз ара аракеттенүүсү катары» секцияларында иштешет.