Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Жаңылыктар


Тарых, Адам жана коом, Манас таануу жана КИУК сабактарынын жумалыгы

► “БИЛИМ ДЕКАДАСЫ-2024” үчүнчү жумалыгы – Тарых, Адам жана коом, Манас таануу жана КИУК сабактары боюнча студенттердин билимин тереңдетүүгө багытталган эң жакшы мүмкүнчүлүк болду. Билим декадасынын алкагында колледждин студенттери «Кыргызстан тарыхы», «Дүйнөлүк тарых», «Кесиптик ишмердүүлүктү укуктук камсыздоо», «Адам жана коом», «Манас таануу» дисциплиналары боюнча дубал гезиттер менен жасалгалашты.  “Жаңылануу”, “А.Садыков мамлекеттүүлүктүн башатында”, “Ата-Бейит”, “Раззаков” жана “Манасчы” документалдуу тасмалары көрсөтүлдү. “Манас эпосундагы мамлекеттүүлүк” деген темада тегерек стол болду, студенттер окутуучулар менен биргеликте Улуттук тарых музейине, И.Раззаковдун үй музейине, “Ишенаалы Арабаев” жана «Манастын уулу Семетей» спектаклине барышты. Белгилей кетсек, предметтик олимпиадалар да жогорудагы бардык дисциплиналар боюнча өткөрүлдү.  

► Тарых сабагы боюнча декадада студенттер өз өлкөсүнүн тарыхын окуп, жана изилдөөгө, негизги окуяларды, тарыхый процесстерди изилдеп, үйрөнө алышат. Адам жана коом таанууда – студенттерге жашоонун социалдык, саясий жана экономикалык аспектилерин түшүнүүгө жардам берип, адам укуктары, жарандык жоопкерчилик жана коомго байланыштуу темалар каралат. Манас таанаууда – кыргыз маданиятынын жана улуттук өзгөчөлүгүнүн маанилүү символу болгон “Манас” эпосун үйрөнүп, улуттук баалуулуктарды, каада-салттарды биле алышат.

 ► Билим декадасы - студенттер үчүн илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, чыгармачылык иштерди жазууга жана алган билимдерин бөлүшүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк.