Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Жаңылыктар


Студенттер Ч.Айтматовдун повести боюнча «Эрте келген турналар» спектаклинкөрүп келишти

     2024-жылдын 6-11-мартында И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжинин 9-класстын базасындагы 1-курсунун студенттери Чүй облустук Шаршен Термечиков атындагы  музыкалык драма жана сатира театрында 1975-жылдагы Чыңгыз Айтматовдун «Эрте келген турналар» повестинин негизинде коюлган спектаклинде болушту. Окуянын сюжети согуш маалында кичинекей кыргыз айылында өтөт. Башкы каарман он төрт жаштагы Султанмурат, анын атасы согушта болгон. Бул окуя достук, эрдик жана кыйын мезгилде жашап кетүү  жөнүндө.

      «Эрте келген турналар» — азыркы жаштарга боорукердик, кайраттуулук жана жаратылышка болгон жоопкерчилик жөнүндө ой жүгүртүүгө сонун үлгү боло турган шыктандыруучу повест.