Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Жаңылыктар


     Жаздын жана жаӊы күндүн башталышы болгон НООРУЗ - 2024 майрамы И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин 70 жылдык юбилейинин алкагында салтанаттуу өткөрүлдү. Аталган мааракеде КМТУнун Политехникалык колледжи чыгармачылык менен фотозонасын даярдап, университеттин бардык кызматкерлерине, студенттерине жана конокторго тарых барактарында эстеликке сүрөткө түшүүгө шарт түзүп, бактылуу көз ирмемдерди тартуулады.

  Колледждин администрациясы майрамга активдүү катышкан төмөнкү кызматкерлерге: А.А.Куменовага, Ж.К.Кыдырмаевага, М.А.Акматалиевага, П.Б.Бектургановага, М.И.Исаковага жана КМТШИ11-1-23 тобунун студенттери М.Торобековага, М.Лугмага, А.Каныбековага, КМТШИ9-1-2-3-23 топторунун студенттери А.Рысбековага, А.Абдусаттаровага, З.Ниматжановага, К.Усеновага, Б.Бердибековага, А.Турдубаевага, А.Муса кызына, М.Имаржановага, ТОСВТ9-1-2-3-23 топторунун студенттери А.Ранатовага, Н.Темирчиевге, А.Болотбек кызына, КМТШИ9-2-22 тобунун студенти Ы.Карыбековго, ЭССС9-1-21 тобунун студенти А.Дуйшонбековго, студенттик өз алдынча башкаруу кеӊешинин мүчөлөрү У.Сагыновага, А.Улановго, М.Пазыловго, Э.Кадыралиевге, Б.Байызовго, А.Асановго ыраазычылык билдирет.

     Нооруз майрамы аруу тилектердин майрамы. Ушул кубанычтуу майрамда ар бир үйгө кут конуп, элибизде ынтымак-ырашкерлик, биримдик, тынчтык орнолуп, өлкөбүз өнүгүп өссүн! Дайыма жүзүӊүздөр жарык, маанайыӊыздар шат болсун! Нооруз майрамыӊыздар кут болсун!