Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Жаңылыктар


Биология, химия жана география жумалыгы

     “Билим декадасы - 2024” экинчи жумасы бизди курчап турган дүйнө жана анда болуп жаткан процесстердин өз ара байланышы – география, химия жана биология тууралуу предметтерге арналды. Декаданын алкагында дубал гезиттердин жана студенттердин чыгармачылык иштеринин көргөзмөсү өткөрүлдү. “Дүйнө өлкөлөрү” викторинасы болуп өттү, ошону менен катар студенттер предметтик олимпиадага катышып, тандоо турдун жыйынтыгы менен мыктылар аныкталды.