Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Жаңылыктар


Кыргыз, орус жана англис тилдеринин жумалыгы

► Билим декадасынын алгачкы эки жумасы тилдерге арналды. Кыргыз, орус жана англис тилдеринин жумалыгында предметтик олимпиадалар, көркөм окуу, көргөзмөлөр, сынактар, ачык сабактар уюштулду.

► 2024-жылдын 16-февралында орус тили жана адабияты сабагы боюнча “Орус тили – улуттар аралык баарлашуунун тили” деген темада дубал гезиттердин, плакаттардын, буклеттердин жана сүрөттөрдүн көргөзмөсү уюштурулду жана И.Раззаков атындагы КМТУнун 70 жылдыгына карата «Орус тили» сабагы боюнча жалпы жат жазуу болуп өттү.

► 2023-жылдын 13-февралында англис тили сабагынан англис тилинде  “Welcome to the English language World” деген темада дубал гезиттин бет ачары болуп, анда студенттер мүмкүн болушунча маданият, тил,  атактуу адамдар жана өлкөнүн улуу өкүлдөрү тууралуу иллюстрация түрүндө маалымат беришти. Ошондой эле И.Раззаков атындагы КМТУнун 70 жылдыгына карата илимпоздор тууралуу англис тилинде презентация жасашты.

► 16-февраль күнү 1-курстун студенттери арасында (9-класстын базасында) «Кыргыз адабияты» сабагынан «Поэзия жана мен» деген темада көркөм окуу сынагы болуп өттү. Сынакка орус мектептерин бүтүргөн студенттер катышып, кыргыз, уйгур, дунган тилдеринде ырларды көркөм окушту. Сынактын жыйынтыгында калыстар тобунун мүчөлөрү жеӊүүчүлөрдү аныкташты:

Экинчи орун -Калдыбаева Жайыл (КМШИ9-3-23 тобу) жана Бусурманкул кызы Гүлназ (КМШИ9-1-23 тобу);    

 Үчүнчү орун - Эмир Аскаров (КМТШИ9-2-23 тобу), Давлет Оморов, Азиз Кадырбеков (ЭС9-1-23 тобу), Артем Мозговой (ЭС9-1-23 тобу). 

► 16-февралда 21-февраль - Эл аралык эне тил күнүнө карата колледждин окутуучусу Калкабаева Кызылгүл “Кыргыз тили жана адабияты” сабагынан “Элдик оозеки чыгармачылык” деген темада ачык сабак өткөрдү. Бул ачык сабакта сегиз тайпадан ат салышты. Жыйынтыгында КМШИ9-3-22 тобунун студенттери жеңүүчү деп табылды. Ачык сабак абдан кызыктуу өтүп, студенттердин элдик оозеки чыгармачылыкка болгон кызыгуусун арттырды.

► Белгилей кетсек, 14-февралда англис тили, кыргыз тили, орус тили жана адабияты боюнча олимпиадалар башталып,   2,3-туру улантылууда.