Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Жаңылыктар


Куттуктайбыз!!!

     2024-жылдын 22-февралында И.Раззаков атындагы КМТУнун чоң жыйындар залында  Политехникалык колледждин кызматкери Арунов Шамухамет Мукашович жигердүү ишмердүүлүгү жана университеттин өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн И.Раззаков атындагы КМТУнун Ардак грамотасы менен сыйланды.

Ошондой эле Политехникалык колледждин окутуучусу Ч.Н.Керимовго Ата-Мекенди коргоочулар күнүн майрамдоого карата ыраазычылык билдирилип, эмгек китепчесине киргизилди.

 Урматтуу Шамухамет Мукашович, Чолпонбек Нурланович, Сиздерди бийик адамдык  жана кесиптик сапаттарыңыздардын түздөн-түз ырастоосу болгон татыктуу сыйлыкка ээ болушуңуздар менен колледждин жамааты куттуктайт.

Мындан ары да ийгиликтерди каалайбыз!