Студенттик өзүн өзү башкаруу кеңеши “Үмүт үйү” карылар үйүнө баруусу
И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжинин Студенттик өзүн өзү башкаруу кеңеши адаттагыдай эле Бишкек шаардык кары-картаңдар жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген карылардын «Үмүт үйү» үй-интернатына барышты. Студенттер үй-интернатына гуманитардык жардам гана көрсөтүшпөстөн, улгайган адамдар менен ар бир студент баарлашып, алар менен арт-терапия өткөрүшүп, ар кандай стол оюндарын чогу ойношуп, күндү кызыктуу, максаттуу өткөрүштү. Негизги милдет карылар үйүнүн тургундарына көңүл буруу, камкордук көргөзүү эле. Студенттер бул тапшырманы ийгиликтүү аткарышты.
Ал эми иш-чаранын негизги максаты - өсүп келе жаткан жаш муундарды адеп-ахлактык сапаттарга, боорукерликке, адамкерчиликке тарбиялоо, улууларды, туугандарды, досторду сыйлоо жана камкордук көрсөтүү эле.