Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Жаңылыктар


Студенттердин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары менен жолугушуусу

     2024-жылдын 8-февралында И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжинин студенттеринин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Түлөбаев Балбак Зарлыкович, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Эрулан Кокулов жана “Ынтымак” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты Аида Исатбек кызы менен жолугушуу болду. Жолугушуу Политехникалык колледждин окутуучусу Ч.Т.Керимовдун демилгеси жана 1-2-курстун бөлүм башчысы М.А.Акматалиева жана П.Б.Бектурганованын жетекчилиги алдында өттү.

    Жолугушууда студенттер электр энергиясы, билим берүү, саясий мамилелер, спортту өнүктүрүү, таштандыларды чыгаруу жана кайра иштетүү көйгөйлөрү, жол кире баасынын көтөрүлүшү боюнча пикирлер, чек ара коопсуздугу ж.б. тууралуу суроолорун беришти. Алар дагы депутаттардын сессиясына катышып, жүрүп жаткан процессти өз көздөрү менен көрүү бактысына ээ болушту. Студенттерибиз үчүн баарлашуу абдан кызыктуу, мазмундуу жана тарбиялуу болду. Алар депутаттардан чоң түрткү жана пайдалуу кеңештерди алышты.

 Жогоруда аты аталган депутаттарга бизге бөлүнгөн убактысы жана кызыктуу маектери үчүн тереӊ ыраазычылык билдиребиз!