Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Жаңылыктар


Сыйлык сиздики - сыймык биздики!

       2024-жылдын 7-январында БУУӨП жана “Роза Отумбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан уюштурулган “STEM4ALLX MENTORING HER” жана “STEM4ALL СООБЩЕСТВО” долбоорунун катышуучуларын сыйлоо аземи болуп өттү. Аталган аземде И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжинин директору Турусбекова Нурайым Курманбековна билимин жана тажрыйбасын менттерге кошкон баалуу салымы үчүн «Мыкты Ментор» номинациясында диплом менен сыйланды. STEM - бул билим берүүнүн жаңы ыкмасы, анда табигый-илимий жана техникалык билимдин бардык тармактары айкалышып, студент бул билимди окуу китебинен эмес, чыгармачылык менен маселелерди чечүү аркылуу алат. Көптөр бул ыкма студенттерге келечектеги дүйнөгө жакшыраак көнүүгө жардам берет деп ишенишет.

Урматтуу Нурайым Курманбековна, колледжибиздин жалпы жамааты сизди татыктуу сыйлыгыңыз менен чын жүрөктөн куттуктайт!

Сизге мындан аркы ийгиликтерди, алдыга койгон пландарыңыздын аткарылышын жана масштабдуу максаттарды андан ары ишке ашырууну каалайбыз!

Биз сизди жакшы көрөбүз жана сыймыктанабыз!