Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Жаңылыктар


    “Билим декадасы – 2023” алтынчы жумасы кесиптик дисциплиналарга арналган, тактап айтканда НКББП “Электр станциялары, тармактары жана системалары”, “Гидроэлектро орнотмолор”, “Электр машиналары жана аппараттары”. Билим декадасынын алкагында 1-курстун студенттери үчүн бүтүрүүчү курстун студенттери тарабынан даярдалган мастер-класстар, презентациялар, ошондой эле кесиптик сабактардан тестирлөө, дубал гезиттердин жана студенттердин эмгектеринин көргөзмөлөрү өткөрүлдү.
     Бул билим берүү программалары электр станцияларында жана тармактарында (ЭСТС), гидроэлектр станцияларында (ГЭО) электр энергиясын өндүрүү жана бөлүштүрүү жаатындагы адистердин билимдерин жана практикалык көндүмдөрүн тереңдетүүнү системалаштырат жана электр машиналарын жана аппараттарын (ЭМА) долбоорлоо, сыноо жана эксплуатациялоо менен байланышкан маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон электромеханика тармагындагы көндүмдөрдү бекемдейт.