Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Жаңылыктар


11-апрелден 20-апрелге чейин И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжинин окутуучулары жана окуу мастерлери Керимов Чолпонбек, Абдиева Айгерим, Исакова Минура жана Турсунбеков Баел «Окутуунун кредиттик технологиясы» (72 саат) темасында квалификациясын жогорулатуудан өтүштү. Окутуу курстары төмөнкү темаларды камтыды:
• кредиттик система билим берүүнүн сапатын жогорулатууга түрткү берүүчү фактор катары;
• педагогиканын негиздери;
• болон процессинин өзгөчөлүктөрү. окутуунун кредиттик технологиясына өтүү жана алдыңкы чет өлкөлүк тажрыйбасы;
• Кыргыз Республикасында окутуунун кредиттик технология системасы;
• кредиттик технология боюнча окуу процесси;
• окутуунун кредиттик технологиясын киргизүүнү талдоо.
Окутуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин (Республикалык илимий-методикалык борбор) колдоосу менен өттү. Курсту аяктагандан кийин катышуучуларга сертификаттар берилди.