Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Жаңылыктар


       2023-жылдын 17-мартында Ж.Баласагын атындагы КУУнун чоң жыйындар залында А.Горчаков атындагы Коомдук дипломатия фондунун (Россия Федерациясы) колдоосу менен Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен биргеликте «Евразиялык муун» коомдук фонду уюштурган «ЕАЭБди өнүктүрүүдө жаштардын ролу» деген темада дебат өткөрүлдү. Дебатка Ж.Баласагын атындагы КУУнун, И.Арабаев атындагы КМУнун, Б.Ельцин атындагы КРСУнун жана И.Раззаков атындагы КМТУнун студенттеринин арасында колледждин да студенти катышты.

      Дебаттын жыйынтыгында И.Раззаков атындагы Политехникалык колледжинин ТОСВТ9-2-20 тобунун студенти Амиров Марат активдүү катышкандыгы үчүн сертификат менен сыйланды.

Куттуктайбыз! Окуудагы жаңы жетишкендиктерди каалайбыз!