Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Жаңылыктар


Жеңил өнөр жай кызматкерлеринин күнү

    🔹 10-июнда Жеңил өнөр жай кызматкерлеринин күнү белгиленди. Жеңил өнөр жайы экономиканын бирден бир артыкчылыктуу тармактарынын бири болуп эсептелет.  Аталган тармак боюнча И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжи дагы, көптөгөн ийгиликтүү, кесипкөй адистерди даярдап чыгарып келет. Бүгүнкү күндө аталган тармак боюнча колледжди жалпысынан 1000ге жакын студент бүтүрүштү, алар жеӊил өнөр жай жана жеке өндүрүштөр үчүн кийимдерди моделдештирүү, конструкциялоо, тигүү буюмдарын кайра иштетүү менен алектенишип, өлкөбүздүн экономикасынын өнүгүшүнө салым кошуп келе жатышат.

   🔹 Ал эми азыркы учурда колледжде билим алып жаткан студенттер жеӊил өнөр жай тармагы боюнча көптөгөн ар түрдүү сынактарга, фестивалдарга, көргөзмөлөргө, долбоорлорго, WorldSkills мелдештерине (регионалдык, улуттук, Евразиялык) катышып, алдыӊкы орундарга ээ болушууда. Албетте, мындай студенттердин ийгиликтүү болушуна түздөн-түз себеп болгон колледждин башчылыгы түзүп берген шарттарын, мүмкүнчүлүктөрүн жана окутуучулардын, насаатчылардын зор эмгектерин баалабай кое албайбыз.

  🔹 «Эмгек жерде калбайт» демекчи, колледждин директору, доцент, т.и.к. Турусбекова Нурайым Курманбековна Жеңил өнөр жай кызматкерлеринин күнүнө карата, текстиль жана тигүү өнөр жайын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жай ишканаларынын «Легпром» ассоциациясынын медалы жана ардак грамотасы менен сыйланды. Аталган сыйлыктар көп жылдык талыкпаган эмгектин натыйжасын, колледждин дагы бир маанилүү көрсөткүчүн баса белгилеп турат.

Урматтуу Нурайым Курманбековна! Сизди татыктуу сыйлыкка ээ болушуңуз менен куттуктайбыз! Мындан ары да татаал жана жооптуу ишиӊизде ийгиликтерди каалоо менен бирге, масштабдуу максаттарыӊыздын тезирээк ишке ашышын тилейбиз!

Ошондой эле жеӊил өнөр жай тармагы боюнча билим берген биздин кесипкөй кесиптештерибиз, окутуучуларыбыз: Нурзада Суйуналиевнаны, Рахат Карыйбековнаны, Асел Суюмбаевнаны, Анар Аскарбековнаны, Алина Кенешовнаны жана Минура Исаковнаны  да кесиптик майрамы менен куттуктап, иштерине албан-албан ийгиликтерди каалайбыз!

Колледж сиздер менен ар дайым сыймыктанат!