Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Жанылыктар


Кургак учуктун, кызамыктын алдын алуу жана сергек жашоо образынын артыкчылыгы

2024-жылдын 19-март күнү И.Раззаков атындагы КМТУнун КОББ (Колледжинде) (Н.Исанов кампусу) "Кургак учуктун, кызамыктын алдын алуу жана сергек жашоо образынын артыкчылыгы" темасында окуу жайдын саламаттык сактоо башчысы Ж.А. Үчкемпированын көмөгү менен семинар болуп өттү.

Семинар студенттерге кургак учук көйгөйү тууралуу маалымат берүүгө, сергек жашоо образын калыптандырууга багытталган. Бул тема боюнча маалымат презентация түрүндө КОББ (Колледж) ОК-4-23 жана ОК-11-23 тобунун активдүү студенттери тарабынан даярдалды, анда кургак учуктун тарыхы, жугуу жолдору, белгилери, кургак учуктун түрлөрү, диагностика, дарылоо жана алдын алуу маселелери козголду.

Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнүн бир айлыгынын алкагында, ошондой эле кызамык оорусунун өсүшүндөгү оор кырдаал боюнча шаардык студенттик поликлиниканын дарыгери - ден соолукту чыңдоо боюнча адиси Токтогулова Анархан Молдобековнанын сергек жашоонун маанилүүлүгү, дене тарбия жактан активдүү болуу жана туура тамактануу, ошондой эле кургак учуктун, гельминтоздун жана кызамыктын алдын алуу, электрондук сигареттерди, насвайды, кальянды, алкоголдук жана энергетикалык ичимдиктерди колдонуунун зыяндуулугу жөнүндө лекцияларын укту.

Семинардын жүрүшүндө активисттер эс алуунун түрлөрү, зыяндуу адаттар, дене тарбия көнүгүүлөрү жана ден-соолукту сактоо жөнүндө айтып беришти.

Андан ары суроо-жооп форматында дарыгерлер студенттерди кызыктырган суроолорго жооп беришти. Эң активдүү студенттер шаардык студенттик поликлиниканын дарыгерлеринен баалуу белектерди алышты.

Мындай пайдалуу иш-чаралар студенттерибиздин кургак учук, кызамык жана жугуштуу оорулардын алдын алуудагы активдүү жарандык позициясына өбөлгө түзөт.

И.Раззаков атындагы КМТУнун КОББ (Колледж) администрациясы өткөрүлгөн иш-чара үчүн шаардык студенттик поликлиниканын дарыгерлерине ыраазычылык билдирет.