Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Жанылыктар


Жалпы республикалык тестке каттоо 29-февралдан 4-апрелге чейин жүргүзүлөт

Каттоо онлайн түрдө өткөрүлөт.

Орто мектепти же орто профессионалдык БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕСИН БҮТҮРҮП ЖАТКАН АБИТУРИЕНТТЕР өздүк кабинетин ачууга мүмкүндүк алуулары керек.

1. Мүмкүндүктү сиз окуган жердеги ЖРТ боюнча жооптуу кызматкерден алуу керек.

2. Онлайн каттоонун бланкын толтуруу үчүн сизге төмөндөгүлөр керектелет:
уюлдук телефонуңуздун номери, паспортуңуздун оригиналынын электрондук сүрөттөрү (эки тарабы тең). Сиздин жүзүңүздүн электрондук сүрөтү (сүрөткө коюлган талаптар менен онлайн каттоо баракчасын толтуруу учурунда таанышасыз). Каттоо учурунда белгиленген телефонуңуздун номери мындан ары каттоо үчүн гана логин катары колдонулбастан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына тапшыруудагы конкурска катышуу үчүн да керектелет.

Каттоонун онлайн бланкын толтуруу нускамасын сиз окуган жердеги ЖРТ боюнча жооптуу кызматкерден аласыз.

Онлайн каттоонун бланкын толтуруу үчүн сизге төмөндөгүлөр керектелет:
уюлдук телефонуңуздун номери, паспортуңуздун оригиналынын электрондук сүрөттөрү (эки тарабы тең), аттестаттын (атайын орто билими жөнүндө дипломдун) түп нускасынын электрондук сүрөтү. Сиздин жүзүңүздүн электрондук сүрөтү (сүрөткө коюлган талаптар менен онлайн каттоо баракчасын толтуруу учурунда таанышасыз). Каттоо учурунда белгиленген телефонуңуздун номери мындан ары каттоо үчүн гана логин катары колдонулбастан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына тапшыруудагы конкурска катышуу үчүн да керектелет.

ӨЗДҮГҮН ТАСТЫКТАГАН ДОКУМЕНТИ ЖЕ ЖРТга КАТТООСУ ЖОК АБИТУРИЕНТТЕР тестке киргизилбейт. Мектептин 11-классынын (колледждин, техникумдун бүтүрүүчү курсунун) окуучусу 16 жашка толо электигинин себеби менен, паспорту жок болгон учурда, анын өздүгүн ырастоочу документ катары мектептен берилген окуучунун сүрөтү бар маалым каттын (справка) түп нускасы жана анын электрондук сүрөтү кабыл алынат. Маалым катта окуучу (аты, фамилиясы, атасынын аты) мектептин (мектептин аталышы) 11-классынын (колледждин, техникумдун бүтүрүүчү курсунун) окуучусу экендиги жазылышы керек. Маалым катта анын берилген күнү көрсөтүлүп, мектептин (колледждин, техникумдун) директорунун колу коюлушу керек. Окуучунун сүрөтү мектептин (колледждин, техникумдун) мөөрү менен ырасталышы керек.

Тестке кимдер катыша алат:

• жалпы билим берүү мектебинин 11-класстарынын же атайын кесиптик орто окуу жайынын бүтүрүүчү курстарынын окуучулары,

же

• жалпы билим берүү мектебинин (орто кесиптик окуу жайы) бүтүрүүчүлөрү, жогорку билими жоктор жана учурда жогорку окуу жайда билим албаган бүтүрүүчүлөр.

Жогорку кесиптик билими бар жарандар ЖОЖдун күндүзгү, күндүзгү-сырттан, аралыктан окутуу формаларында жана экстернат формасында окуу тыюу салынган багыттар жана адистиктер боюнча контракттын негизинде окутуунун күндүзгү формасынын толук курсуна тапшыруу шарты менен тестке катышууга укуктуу. 

Ошондой эле:
· Кыргыз Республикасынын жарандары же

Билим берүү тармагында кызматташтык боюнча эл аралык келишимдин негизинде Кыргыз Республикасынын гранты боюнча билим алууга умтулган Казакстандын, Россиянын, Белорусиянын жана Тажикстандын жарандары.
Башка өлкөлөрдүн орто билими бар жарандары КРдин ЖОЖдорунун контракттык орундарына конкурска катышуу үчүн Жалпы республикалык тестке катыша алышат.

КРдин Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ЖОЖдордун гранттык орундарына, ошондой эле контракттык негиздеги билим берүүнүн бардык формаларына (күндүзгү, сырттан, кечки) тапшыруу үчүн ЖРТ милдеттүү экендиги жөнүндө чечим кабыл алынган. ГРАНТТЫК БИЛИМ АЛУУГА ТАПШЫРЫП ЖАТКАН абитуриент негизги тестти жана мамлекеттик тил боюнча тестти тапшырууга милдеттүү. Профилдик предметтик тест КР ББИМ бекиткен ЖРТнын милдеттүү кошумча предметтик тесттери көрсөтүлгөн адистиктердин жана багыттардын тизмесине ылайык аныкталат.

Билим берүүнүн бардык формалары боюнча (күндүзгү, аралыктан, кечки, анын ичинде дистанттык билим берүү технологияларын колдонуу менен) контракттык негизде окууну каалаган абитуриент негизги тестти жана мамлекеттик тил боюнча тестти тапшырууга милдеттүү, ал эми предметтик тестти тапшырышы бул абитуриентке керектүү багытка кабыл алынуусуна артыкчылык берет.

КР ББИМдин 07.02.2024-ж. № 191/1 буйругуна ылайык, мамлекеттик тил боюнча тест КРдин ЖОЖдоруна өтүү үчүн тест тапшырган абитуриенттер үчүн милдеттүү болуп саналат. Аталган тесттин жыйынтыгы КРдин ЖОЖдоруна тапшырууга таасирин тийгизбейт. КӨҢҮЛ БУРГУЛА! Негизги жана предметтик тесттердин жыйынтыктары (ЖРТ сертификаты), мамлекеттик тил боюнча тест тапшырылмайынча, БЕРИЛБЕЙТ.

  КРдин чегинен сырткары жашаган жарандар тестке бир күн калганда каттоодон өтүүлөрү зарыл. Жогоруда белгиленген керектүү документтердин баарынын болушу МИЛДЕТТҮҮ.

Багыт жана адистиктердин жана ошондой эле аларга керектүү предметтик тесттердин тизмесин (1-тиркеме) өз компьютериңизге бул жерден жүктөй аласыз.

КРдин ЖОЖдорунун контракттык орундарына ЖРТнын жыйынтыктары боюнча конкурстун негизинде гана кабыл алынат.

1-тиркемеге киргизилбеген адистиктер контракттык болуп эсептелинет. Бул адистиктерге тапшырууну каалагандар негизги тесттин жыйынтыктары боюнча конкурска катышышат.

Тест республиканын бардык аймактарында белгиленген график боюнча өткөрүлөт.

Негизги тесттин түзүлүшү:

I. «Математика»,

II. «Сөздүк-логикалык тест»:

а) «Окшоштуктар»,

б) «Сүйлөмдөрдү толуктоо»,

III. «Окуу жана түшүнүү»,

IV. «Эне тилинин практикалык грамматикасы».

Мамлекеттик тил боюнча тест мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктайт. Аталган тесттин жыйынтыгы КРдин ЖОЖдоруна тапшырууга таасирин тийгизбейт.

Предметтик тесттер ангис тили, химия, биология, физика, математика, тарых, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты боюнча жүргүзүлөт. Предметтик тест негизги тесттен өзүнчө бааланат. Предметтик тестти каалаган санда тандаса болот, бирок АБИТУРИЕНТТЕР мында “КАНЧАЛЫК КӨП БОЛСО, ОШОНЧОЛУК ЖАКШЫ” ПРИНЦИБИ ИШТЕБЕСТИГИН ЭСЕПКЕ АЛЫШЫ КЕРЕК. Ар бир тандалып алынган тест үчүн өзүнчө акы төлөнөт. Негизги тестти тапшырбастан, предметтик тестти тапшырууга болбойт.

Каттоо акысы төлөнбөгөн учурда ЖРТга катышуу мүмкүн эмес.

Негизги тесттин акысы – 470 сом,

Мамлекеттик тил боюнча тесттин акысы – 200 сом,

Ар бир предметтик тесттин акысы — 470 сом.

Бул сумманы РСК банкына же “О!Деньги” тиркемеси аркылуу төлөп, төлөө дүмүрчөгүн ЖРТ боюнча жооптуу кызматкерге көрсөтүү же дүмүрчөктүн номерин жана сумманы өздүк кабинетинде киргизүү (жазуу) керек.

Бардык суроолор боюнча окуу жайлардагы ЖРТ боюнча жооптуу кызматкерлерге кайрылыңыздар, ошондой эле ББОУБдун кийинки телефон номерлерине чалыңыздар (Иштөө тартиби – 09:00–17:00, ишемби–жекшемби – дем алыш күндөрү):

+996 312 66-48-38

WhatsApp: +996 500 664 838, +996 502664838 сайт: https://testing.kg/