Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Жанылыктар


Мамлекеттик туу жана «Ак калпак» күнү

2024-жылдын 5-март күнү И.Раззаков атындагы КМТУнун Н.Исанов кампусунун чоң жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун күнүнө жана "Ак калпак" улуттук баш кийимине арналган майрамдык иш-чара болуп өттү. Бул иш-чарага КОББ (Колледж) студенттери жана окутуучулары катышышты. Иш-чараны директор Дербишева Эльмира Дупеновна ачып, бардык студенттерди жана окутуучуларды "Ак калпак" майрамы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун кабыл алынган күнү менен куттуктады. Андан соң КОББ (Колледж) студенттери даярдаган концерттик программа менен коштолду.

Маалымат үчүн:

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 3-март 1992-жылдагы токтому менен бекитилген. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу кызыл тик бурчтуу кездемеден турат, анын борборунда алтын түстөгү бирдей нурлуу (кырк нур) тегерек күн сүрөтү жайгаштырылган. Күн ичине кызыл түстөгү кыргыз боз үйүнүн түндүгүнүн сүрөтү жайгаштырылган.

5-март 2011-жылы "Ак калпак" күнү деп жарыяланган. Анын негиздөөчүсү Рысбек Жабиров болгон. Бул күн Кыргызстандын аймактарындагы жана чет өлкөлөрдөгү мекендештерибиз тарабынан 2016-жылдан бери расмий белгиленип келет.