Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Жанылыктар


8-март майрамына карата сыйлыктар

2024-жылдын 7-мартында И.Раззаков атындагы КМТУнун чоң жыйындар залында 8-март Айымдардын эл аралык күнүнө арналган «Сиз бар үчүн жашоо жарык - Аялзат» аттуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чаранын программасы этно-фуршет, салтанаттуу иш-чаранын ачылышы, сыйлык тапшыруу аземи жана чакан концерттик программа менен коштолду. Бул иш-чарада окуу жайдын илимий-педагогикалык, педагогикалык иш стажына ээ болгон, кесипкөйлүгүн көрсөткөн жана жогорку көрсөткүчтөргө жеткен, билим берүү тармагында иши боюнча жаза салынбаган, студенттердин терең билим алышын камсыз кылган мыкты окутуучулар жана окуу жайда эмгектенген кызматкер айымдар сыйланышты.

Ак ниеттүү үзүрлүү эмгеги жана университеттин өнүгүүсүнө кошкон салымдары үчүн И.Раззаков атындагы КМТУнун ректорунун 19-февраль 2024-ж. № 1/30 «Сыйлоо жөнүндө» буйругунун негизинде Кесиптик орто билим берүүнүн (Колледж) окуу бөлүмүнүн башчысы Бегматова Жайнагул Эсенбаевна И.Раззаков атындагы КМТУнун «Ардак грамотасы» менен сыйланды. Жана ошондой эле Кесиптик орто билим берүүнүн (Колледж) «География» сабагынын окутуучусу Кулчунова Айзат Алманбетовна «Ыраазычылык кат» менен жана «Костюмдун дизайны» билим берүү программасынын окутуучусу Мукашова Майрам Тилековна эмгек китепчесине жазуу менен «Алкыш» жарыялоо сыйлыгы менен сыйланды.

Татыктуу сыйлыктарды алышкан урматтуу кесиптештерибизди чын дилибизден куттуктайбыз жана чың ден-соолук каалоо менен иштерине ийгиликтерди каалайбыз.